Башкы Жаңылыктар БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу жана коомдук байкоочулар шайлоодо шайлоо …

БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу жана коомдук байкоочулар шайлоодо шайлоо фонддорун каржылоонун ачык-айкындыгына мониторингдин жыйынтыгын талкуулашты

10-Мар, 2021

«Жалпы иш»  КФ шайлоодо талапкерлер тарабынан шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгына мониторингдин  натыйжаларын  кѳрсѳттү. Иш-чаранын негизги максаты – шайлоодо талапкерлердин акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын ачык-айкындагын камсыз кылуучу укуктук нормалар жана тажрыйбалар талкууланды.

Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.  Баатырова Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун иши, банк маалыматтарынын негизинде шайлоо мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын контролдоо боюнча, финансылык отчетторго аудит боюнча, иштелип чыгып  жаткан  электрондук платформа жана анын колдонулушу боюнча милдеттер жѳнүндѳ баяндады. Ал бул иш-чаранын маанисин жана мамлекеттик органдардын, банк мекемелеринин, жарандык сектордун уюмдарынын ѳкүлдѳрү менен финансылык ачык-айкындык бѳлүгүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүү максатында диалогдун актуалдуулугун белгиледи. 

Facebookдо саясий жарнамага кеткен чыгымдардын монитороинги маселеси, шайлоо фонддоруна  акча каражаттарын которгондорду талдоо, шайлоо фонддорунун ачык-айкындыгы боюнча презентация менен “Жалпы иш” КФнын ѳкүлдѳрү: тѳрагасы -  А. Суйундуева, СММ аналитиги – М. Алимбаева, шайлоо боюнча  эксперт  - Б. Самаков чыгып сүйлѳштү.

Шайлоого коомдук байкоочулар катары   алар мыйзамдардын нормаларына тийиштүү ѳздѳрүнүн кѳз караштарын айтышты. Алардын пикири боюнча:

-шайлоо жѳнүндѳгү колдонуудагы мыйзамдарда саясий партиялар  кѳрсѳтүшкѳн талапкерлердин пайдасына алардын акча каражаттарын чегерүүсү так эмес кѳрсѳтүлгѳн,

- ѳз ыктыяры менен чегерген демѳѳрчү  адамдардын акча каражаттарынын чыгуу булактарына талдоо жүргүзүүгѳ мыйзам нормалары бѳгѳт болууда,

- талапкерлердин шайлоо фондуна демѳѳрчүлүк кылган суммалардын чеги бирдей эмес болууда,

- 2020-жылдын ноябрында агитаторлордун жана талапкерлердин ѳкүлдѳрүнүн акысыз негизде кызмат кѳрсѳтүүсүнѳ уруксат берүү бѳлүгүндѳ шайлоолор жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген ѳзгѳртүү мыйзамдын башка беренесине карама каршы келип калган,

- шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп жарыяланган учурда саясаий партияларга шайлоо күрѳѳсүн кайтарып берүүгѳ байланышкан норма жок,  ж.б.   

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жана финансылык ачык-айкындаган  камсыз кылуу боюнча мыйзамдардагы нормалар жѳнүндѳ БШКнын  Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматы менен БШК КТТ мүчѳсү Раида Баширова чыгып сүйлѳдү. Анын сѳзүндѳ шайлоо ѳнѳктүгүнүн финансылык ачык-айкындыгы Кыргыз Республикасында Ачык Өкмѳттү түзүү боюнча  иш-аракеттердин улуттук планынын стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналарына негизги басым жасалды. 2019-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген ѳзгѳртүү бүгүнкү күндѳ шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгынын  эл аралык пинциптерине жооп берет.

Президентти шайлоо жѳнүндѳ конституциялык мыйзамдын беренелеринде шайлоо фонддорун түзүү боюнча нормалар так берилген жана мыйзамда белгиленген суммалардын чектерине ылайык демѳѳрчүлѳрдүн ар кандай категорияларынын аларды толукташынын булактары кѳрсѳтүлгѳн.

Талапкерлердин, саясий партиялардын акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалыматтарды жарандык коомго,кызыктар тараптарга берүү саясий ѳнѳктүктүн ачыктыгын ѳнүктүрүүнүн алгачкы кадамдары болуп саналат.

Жакынкы убакты иштей турган электрондук платформаны түзүү каржылоонун ачык-айкындыгы үчүн кийинки кадам болуп саналат. Бул акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын, демилгечи топтордун шайлоо фонддорунун акча каражаттары боюнча маалыматтарды камтыйт жана чагылдырат, ыфинансылык отчетторду түзүү, чыгашалар сметасын пландоо мүмүкүнчүлүгүн берет, шайлоону, референдумду уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн каражаттар боюнча эсеп жүргүзүүгѳ жана отчет берүүгѳ жардам берет.

Аны ишке киргизүү мультипликативдик натыйжа берет: бул жерде болуп ѳткѳн жана боло турган бардык шайлоо ѳнѳктүгүнүн бардык шайлоо фонддору боюнча бардык маалыматтар сакталат,  бул фискалдык, укук коргоо органдары үчүн аган эмес, ошондой эле бардык жаран-шайлоочуга шайлоо фонддоруна ѳз ыктыяры менен акча чегеришкен жарандардын тѳгүмдѳрүнүн легитимдүүлгүн иликтѳѳ үчүн жакшы негиз болуп саналат, бул саясий партиялардын ишинин толук финансылык ачык-айкындыгынын комплексинде алардын каржысын чагылыдыруу үчүн аянтча болушу абзел.

Андан ары ал шайлоо мезгилиде БШК кеңири маалыматтык ѳнѳктүктү жана окутуу тренингин ѳткѳрѳрүн, анын максаты ЖМК жана коомчулукка талапкердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоонун ачыктыгы бѳлүгүндѳ мыйзам нормаларын тааныштыруу гана эмес, ошондой эле саясий ишмердикти каржылоо системасы  канчалык ачык-айкын болсо, ал ошончолук коррупцияга чалдыкпай тургандыгын шайлоо процессинин катышуучуларынын жакшылап түшүнүүсүнѳ жардам берерин белгиледи. БШК каржылоонун ачыктыгын саясий ѳнѳктүктү ѳткѳрүүнүн маанилүү компоненти деп эсептейт. Кабыл алынган чаралар ѳлкѳ жана БШК үчүн   келечекте бул процессти андан ары ѳркүндѳтүүдѳ маанилүү.

Жалпысынан презентацияланган материалда  иш-чарада кѳтѳрүлгѳн дээрлик бардык маселелер боюнча жооп камтылган, бирок    БШК КТТ мүчѳлѳрү менен “Жалпы иш” КФнын эксперттеринин ортосунда  пикирлер дал келген жок.

Талкуулоонун жүрүршүндѳ тегерек столдун катышуучулары социалдык түйүндѳр аркылуу үгүт жүргүзүү жана бул каражаттарды финансылык отчеттун ѳзүнчѳ сабына киргизүү, электрондук капчыктары пайдалануу мүмүкүнчүлүгү  боюнча, чет ѳлкѳлѳрдѳн акча которуу боюнча, шайлоо фонддоруна жана шайлоо штабдарында и штеп жатышкан адамдарга  салык салуунун бирдиктүү механизмин белгилѳѳ боюнча,  эң башкысы – саясий партиялардын укуктук маданиятын кѳтѳрүүнүн жана талапкерлердин аң-сезимин жогорулатуунун зарылчылыгы, саясий жактан калыс, акыйкат жана каржылык жактан  ачык иштѳѳ боюнча ар түрдүү маселелерди кѳтѳрүштү.

Иш-чаранын соңунда Г.М. Баатырова ѳткѳн шайлоолордо талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүнѳ монитроинг жүргүзгѳндүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен, шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча финасылык отчетторго жасалган  сунуштар иликтѳѳгѳ алынарын жана шайлоо укугун андан ары ѳркүндѳтүүдѳ жана шайлоо ѳткѳрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу процессинде эске алынарын белгиледи.

КР  БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>