БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Атазов Шайлообек Карыбековичке тапшырды

07 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Ата-Мекен» саясий Социалисттик партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Атазов Шайлообек Карыбекович Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.

БШК токтому менен Атазов Шайлообек Карыбекович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү