БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Аманова Бурун Кушбековнага тапшырды

07 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Аманова Бурун Кушбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.

БШК токтому менен Аманова Бурун Кушбековна КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү