Ысык-Көл облусунун депутаттыгына талапкер аялдар менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо боюнча диалог болуп өттү
05 марта 2021
5-мартта Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БУУӨП менен БУУ-Аялдар биргелешкен долбоорунун алкагында жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдар менен диалог өткөрдү.
Кыргызстандын ар кайсыл облустарында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча алкагында диалогдордун сериясы өткөрүлүүдө, ал лидер аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүүгө, аларды талапкер катары жергиликтүү шайлоого даярдоого, шайлоо укугу, шайлоо процесси чөйрөсүндө алардын дараметин арттырууга, ошондой эле жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн мандаттардын 30 пайызын резервге калтыруу боюнча мыйзам тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталган.
Рита Карасартова спикер болду. Тренингге Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы У.Исмаилов, Ысык-Көл облусунун ар кайсы район, шаарларынан – Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунан, Балыкчы, Каракол шаарларынан лидер аялдар катышты.
Диалогдун катышуучулары аялдардын шайлоого толук жана натыйжалуу катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Трансформациялык өзгөртүүлөрдү алга жылдырууда лидер аялдар кандай роль аткарары тууралуу, чечим кабыл алууга/шайлоого аялдардын катышуусу эмне себептен маанилүү экендиги жана бул жамаатка кандай пайда алып келери тууралуу ачык пикир алмашуу болду. Катышуучуларга жергиликтүү бийликтин иш-милдеттери, шайлоо мыйзамдары, шайлоо процессинин этаптары, аялдардын саясий укуктарын коргоонун жана илгерилетүүнүн эл аралык жана улуттук механизмдери, аялдардын лидерлиги тууралуу маалымат берилди. Диалог чечим кабыл алуу процессине аялдардын катышуусунун маанилүүлүгүн алга жылдырган жана аялдардын шайлоого катышуусу жөнүндө стереотипке айланган түшүнүктөрдөн арылууга көмөктөшүүчү жаңы социалдык ченемдер тууралуу ой-пикирди биргелешип иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
Лидер аялдар шайлоо алдындагы платформаларды түзүүнүн практикалык көндүмдөрүнө ээ болушту. Учурдагы шайлоо КР БШКнын расмий сайтына шайлоо алдындагы программаларды милдеттүү түрдө жайгаштыруу тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын талабы аткарылуучу жергиликтүү кеңештерге алгачкы шайлоо болору белгиленди.
КР БШКнын сайтында алдыдагы шайлоого катталган партиялардын жана талапкерлердин программалары жана каржылык отчеттору жайгаштырылмакчы. Сайттан партиялар жана талапкерлер тууралуу жалпы маалыматты дагы алууга болот.
Каржылоо булактарын жана сарптоолордун бардык беренелерин көрсөтүү менен партиялардын жана талапкерлердин каржылык отчетторун жарыялоо шайлоонун маанилүү учуру болуп калат.
№ |
Өткөрүлүүчү жер |
Өткөрүлүүчү дата |
1 |
Бишкек ш. |
03.03.21 |
2 |
Нарын ш. |
04.03.21 |
3 |
Балыкчы ш. |
05.03.21 |
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү