БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

19 февраля 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 19-февралындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык- Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүнө чечим токтом кылды.

Чечим шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Бишкек, Ош, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай, Баткен шаардык, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек, Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал, Балыкчы, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл, Түп, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Токмок, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Чүй, Москва, Ысык-Ата, Кемин, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Республика боюнча таблица                      

Чүй облусунун  827 153 (в 2016 г. - 766040) калкы бар аймактагы 104 жергиликтүү кеңештерде (6-шаардык, 98 – айылдык)  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн  369 шайлоо участоктору (2016-ж. – 356) жана 228 шайлоо аймактары (2016-ж. – 204) түзүлдү,   аймактарда – 1 714 депутаттык мандат (2016-ж. – 1 675), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 552, шайлоочулардын саны 527 427 ( 2016-ж. – 414 602).

   Райондор боюнча таблица

   Кеңештер боюнча таблица 

Баткен облусунун  513 913 (в 2016 ж. - 496311) калкы бар аймактагы 33 жергиликтүү кеңештерде (6-шаардык, 27 – айылдык)  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн  201 шайлоо участоктору (2016-ж. – 188) жана 127 шайлоо аймактары (2016-ж. – 124) түзүлдү,   аймактарда – 723 депутаттык мандат (2016-ж. – 743), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 231, шайлоочулардын саны 223 012 ( 2016-ж. – 279898).

   Райондор боюнча таблица

   Кеңештер боюнча таблица

Жалал-Абад облусунун  1 165 001 ( 2016-ж. - 1050034) калкы бар аймактагы 69 жергиликтүү кеңештеринде (7-шаардык, 62 – айылдык)  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн  418 шайлоо участоктору (2016-ж. – 387) жана 261 шайлоо аймактары (2016-ж. – 250) түзүлдү,   аймактарда – 1 549 депутаттык мандат (2016-ж. – 1 509), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 522, шайлоочулардын саны 614 899 ( 2016-ж. – 487 307).

   Райондор боюнча таблица

   Кеңештер боюнча таблица

Ош  облусунун  1 244 260 ( 2016-ж. – 1 125 796) калкы бар аймактагы 83 жергиликтүү кеңештеринде (2-шаардык, 81 – айылдык)  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн  470 шайлоо участоктору (2016-ж. – 444) жана 343 шайлоо аймактары (2016-ж. – 323) түзүлдү,   аймактарда – 1 793 депутаттык мандат (2016-ж. – 1 763), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 681, шайлоочулардын саны 662 010 ( 2016-ж. – 529 865).

   Райондор боюнча таблица

   Кеңештер боюнча таблица

Талас  облусунун  254 143 ( 2016-ж. – 236 866) калкы бар аймактагы 35 жергиликтүү кеңештеринде (1-шаардык, 34 – айылдык)  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн  111 шайлоо участоктору (2016-ж. – 110) жана 89 шайлоо аймактары (2016-ж. – 90) түзүлдү,   аймактарда – 575 депутаттык мандат (2016-ж. – 535), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 206, шайлоочулардын саны 151 360 ( 2016-ж. – 126 624).

   Райондор боюнча таблица

   Кеңештер боюнча таблица

Нарын  облусунун  297 811 ( 2016-ж. – 282 832) калкы бар аймактагы 60 жергиликтүү кеңештеринде (1-шаардык, 59 – айылдык)  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн  169 шайлоо участоктору (2016-ж. – 153) жана 122 шайлоо аймактары (2016-ж. – 125) түзүлдү,   аймактарда – 820 депутаттык мандат (2016-ж. – 780), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 300, шайлоочулардын саны 190 176 ( 2016-ж. – 160 250).

   Райондор боюнча таблица

   Кеңештер боюнча таблица

Ысык-Көл  облусунун  303 083 ( 2016-ж. – 253 075) калкы бар аймактагы 62 жергиликтүү кеңештеринде (3-шаардык, 59 – айылдык)  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн  243 шайлоо участоктору (2016-ж. – 234) жана 169 шайлоо аймактары (2016-ж. – 162) түзүлдү,   аймактарда – 1 042 депутаттык мандат (2016-ж. – 972), анын ичинен аялдар үчүн резервдик (сакталган) мандат – 366, шайлоочулардын саны 303 083 ( 2016-ж. – 253 075).

   Райондор боюнча таблица

   Кеңештер боюнча таблица

КР БШК Маалымат бөлүмү