Башкы Жаңылыктар ЮСАИД Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун демократиялаштыруу боюнча иш-чараларды …

ЮСАИД Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун демократиялаштыруу боюнча иш-чараларды колдоону улантат

18-Фев, 2021

Жолугушууга ЮСАИДдин Миссиясынын демократиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ноэль Бауэр жана ЮСАИДдин демократияны өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси Адриэнн Стоун катышты, тараптар КР БШК менен ЮСАИДдин 2021-жылга өз ара аракеттешүү планын талкуулашты.

КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун 2021-жылдын 8-февралындагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалганын маалымдады. Шайлоо Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңешинде, анын ичинде 28 шаардык, 420 айылдык кеңеште өтөт.

ЮСАИДдин колдоосу алдында Интерньюстун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү тараптан көрсөтүлгөн колдоо үчүн КР БШК ыраазычылык билдирет, атап айтканда, Өкүлчүлүк КР БШКнын жыйындарын түз уктуруп-көрсөтүүнү камсыздоо үчүн жыйындар залын жабдык менен жабдууга, Улуттук демократиялык институттун колдоосу алдында теледебаттарды жаңы таризде өткөрүүгө колдоо көрсөттү, бул шайлоо процессинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыздоодо, жарандардын кабарлануусун арттырууга, бүтүндөй эле шайлоону демократиялаштыруу процесси үчүн чоң мааниге ээ.

Өз кезегинде Ноэль Бауэр 2021-жылы колдоо көбүнесе алдыдагы парламенттик шайлоодо көрсөтүлүп, шайлоо процесси убагында добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүүгө басым жасалат. ЮСАИД мындай бузууларга каршы аракеттенүүнүн эл аралык тажрыйбасын изилдейт жана аны Кыргыз Республикасында колдонууга көмөктөшөт.

ЮСАИД Улуттук демократиялык институт (NDI) аркылуу региондордогу телеканалдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин ортосунда дебаттарды өткөрүү үчүн колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөт. NDI тараптан мурда көрсөтүлгөн колдоо абдан натыйжалуу болду. Талапкерлердин бейнесин, анын ичинде кесиптик сапаттарын кыйла толук ачуу үчүн дебаттар шайлоочуларга маалымдоонун негизги тариздеринин бири болуп калды.

Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) айрым категориядагы жарандардын – жаштардын, аялдардын жана ДМЧАлардын шайлоого катышуусун жигердештирүүгө басым жасап, шайлоо процессинин катышуучуларын окутууда комплекстүү колдоо көрсөтүүнү улантат. Алдыдагы конституциялык реформаны эске алуу менен шайлоо комиссияларынын дараметин арттырууга колдоо көрсөтүлөт.

Эл аралык республикалык институт (IRI) салт боюнча жарандардын арасында сурамжылоо жүргүзөт жана калктын шайлоо процессине ишеним деңгээлин аныктоо, ошондой эле шайлоо тутумун кайсыл багыттарда өркүндөтүү зарыл экендигин талдоо үчүн шайлоого байланыштуу суроолордун блогун кошууга даяр. Ошондой эле 30% квотаны коргоо механизмдерин киргизүү үчүн аялдарга айрыкча басым жасап, талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрүү мерчемделүүдө.

ЮСАИД шайлоого узак жана кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүүдө ӨЭУларга көмөктөшүүнү мерчемдөөдө. Байкоо жүргүзүү шайлоочулардын шайлоого ишениминин негизи болуп саналат. Тараптар айрыкча алгач ирет байкоо жүргүзүп жаткан ӨЭУларга сапаттуу байкоо жүргүзүү үчүн усулдук колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалымат үчүн: ЮСАИДдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясы АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин патронажы астында иштейт. ЮСАИД тараптан бир катар агенттиктердин – Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES), Улуттук демократиялык институттун (NDI), Эл аралык республикалык институттун (IRI), Интерньюстун, ошондой эле  ӨЭУлардын иштери каржыланат.  

2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата ЮСАИД жергиликтүү байкоо жүргүзүү үчүн конкурстун жыйынтыгы боюнча “Жалпы иш” ӨЭУну тандаган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>