Башкы Жаңылыктар Бишкек АШКсынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча …

Бишкек АШКсынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Кайрылуусу

16-Фев, 2021

Келе жатакан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдында Бишкек шаардык УШКнын резервин толуктоо зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн жана саясий партиялардын өкүлдөрүн УШКнын резервине көрсөтүүсүнө жарыя берет.

Мыйзамга ылайык, УШКлар саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. УШК шайлоолорду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, жарандардын шайлоо укуктарынын аткарылышын жана корголушун камсыз кылган коллегиалдуу орган болуп эсептелет. УШКнын курамындагылардын жумушу жооптуу жана катуу тартипте шайло мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. УШКнын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын жеке макулдугун, алардын ишке болгон даярдыгынын деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышуу тажрыйбасын эске алуу зарыл. Шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже боюнча, калктуу конуштун тийиштүү аймагында жашашы керектигин сунуштап жаткан субъектилер эске алышы керек.

Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулушунан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чогулуштун протоклу төрагасынын жана катчысынын колдору менен күбөлөндүрүүгө тийиш. Протоколдун тиркемесинде чогулуштун катышуучуларынын тизмеси менен жашаган жери көрсөтүлүп колдору коюлуп күбөлөндүрүлүшү керек.

Саясий партиялар тарабынан сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиянын аймактык бөлүмүнүн чогулушу боюнча төрага менен катчынын колу коюлуп жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтер тапшырылат.

Жогоруда белгиленген документтерге төмөндөгүлөр тиркелет:

  • Талапкердин УШКнын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси боюнча арызы;
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Иштеген, окуган, билим алган орду көрсөтүлгөн өмүр баяны (кадрды каттоо жеке баракчасы же резюмеси);
  • Байланыш маалыматтары: жашаган дареги, телефон номерлери.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык, төмөнкүлөр УШКнын мүчөсү боло албайт:

  • Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
  • судья, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкери, аскер кызматчысы;
  • талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
  • башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
  • мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
  • башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
  • терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине Жарандардан, коомдук уюмдардан талапкерди сунуштоо боюнча протоколдор Бишкек шаардык кеңешинде 2021-жылдын 22-февралында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Саясий партиялардан сунушталган талапкерлер боюнча протоколдор Бишкек шаардык шайлоо комиссиясында 2021-жылдын 22-февралында саат 17.00гө чейин кабыл алынат.

Байланыш телефондору:

Бишкек шаардык кеңеши 0312 61 04 32

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы 0312 38 24 26

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>