Башкы Жаңылыктар КР БШКнын жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга …

КР БШКнын жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга КАЙРЫЛУУСУ!

15-Фев, 2021

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында (Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомствого караштуу түзүмдөрүндө) бул жол-жободон өтсө болот.

Алдын ала тизме добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 10-февралына чейин www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз.

Ошондой эле алдын ала тизме 2021-жылдын 20-февралына чейин тийиштүү шайлоо участкаларында илинет.

Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 27-мартына чейин Сиздин жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз.

Шайлоо участогунда арыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт.

Ошондой эле белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот.

Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат.

21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу тутум боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо – мажоритардык тутум боюнча жүргүзүлөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга, айыл аймагынын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 1-мартта саат 24.00кө чейин аяктайт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 12-мартка чейин аяктайт.

2. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 11-мартта саат 24.00кө чейин аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 22-мартка чейин аяктайт.

Талапкерлерди каттоого талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www. shailoo.gov.kg расмий сайтында талапкерлерге талаптар тууралуу арыздардын тариздери жана эскертме жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор  жайгаштырылган. www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында жалпы маалыматтар, талапкерлердин жана саясий партиялардын программалары, алардын шайлоо фонддорунун маалыматтары чагылдырылган.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силердин иш-аракеттериңерге жараша болот.

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.

Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерин каттоо процессинен баштап,  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоону аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен иштерди түздөн-түз уюштурууга тийиш. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүү – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ушул Мыйзамда белгиленген жоболорду эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 20-февралына чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет.

Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын болжолдуу тең саны менен түзүлөт.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.

Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

2) 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

3) 4 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

4) 5 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

5) 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

6) 7 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

7) 8 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

8) 9 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

9) 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

10) 11 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

11) 12 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

12) 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

13) 14 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

14) 15 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;

15) 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине аялдар үчүн мандаттарды резервге калтырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жыйынтыктарын аныктоодо мандаттар ириде талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга төмөнкү маселелер боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү:

- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;

- орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк ж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо;

- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышын, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо), жылуулук менен камсыздоо;

- керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;

- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү;

- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 19-февралына чейин ЖМК, интернет-басылмалар эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 12-мартынан тартып, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 22-мартынан тартып башталат.

Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

КР БШК региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбай коюу максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл:

- орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү;

- адамдардын  ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо;

- санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу;

- катышуучулардын температураларын контролдоо;

- пайдалануучу материалдарды жана буюмдарды кайта-кайта дезинфекциялоо.

КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт.

Шайлоону жана референдумду уюштуруучулардын деңгээлинде б.а. бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын киргизилиши менен иш жүзүндө шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Шайлоо өткөрүүдө ал технологияларды пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү процессин адил жана айкын кылуу үчүн маанилүү кадам болуп калды, анда өлкөнүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынып, анык саналат.

КР БШК алдыдагы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болууну суранат.

КР БШК өз ишин мыйзамдуулук, айкындуулук, көз карандысыздык принциптеринде жүргүзөт жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштейт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>