Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 17 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
23 ноября 2012
Аккредитацияга берген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык байкоочу катары дүйнөнүн 6 өлкөсүнөн 6 уюмунун, Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдарда иштеген өкүлдөрдү аккредитациялады
Жалпысынан 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 17 эл аралык чет өлкөлүк байкоочу аккредитацияланды.
- Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан -2;
- Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынан -2;
- Улуттук Демократиялык Институтунан – 1;
- Эл аралык Республикалык Институтунан – 1;
- «Восток – Запад» Британиялык борборунан - 2;
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасынын эл аралык фондусунан – 9.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
