Башкы Жаңылыктар БШК “Клооп Медиа” коомдук фонду айрым шайлоо участкаларындагы …

БШК “Клооп Медиа” коомдук фонду айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан жок

20-Янв, 2021

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы отурумунда “Клооп медиа” коомдук фондунун доо-арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топ 2021-жылдын 20-январында “Клооп медиа” коомдук фонду тарабынан 2021-жылдын 15-январындагы кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын иш-аракеттериндеги мыйзам бузуулар боюнча арызын кызыкдар тараптардын жана “Клооп медиа” КФдан Ф.Якупбаеванын катышуусунда каралды.

Арыз ээси өзүнүн талаптарын колдоп, 2021-жылдын 12-январында “Клооп медиа” Коомдук фонду УШКнын мүчөлөрүнүн жана төрагаларынын аракетсиздиги менен шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу боюнча арыздар менен кайрылышканын көрсөттү. Бирок, жогоруда белгиленген АШК өз чечимдери менен даттанууларды канааттандырган эмес. Арыз ээси даттануусунда, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 9,35,37 беренелеринин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы 9,31,45 беренелери бузулган деп көрсөткөн.

Даттануу арызын карап чыгып, арыз ээси тарабынан берилген сүрөттөрдү жана видеолорду изилдеп чыгып, кызыкдар тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, Жумушчу топ төмөнкүдөй жыйынтыкка келет.

Арыз ээсинин келтирген жүйөлөрүн тастыктаган эч кандай далил №7007, 7136, 4069, 4078, 4073, 2089 УШКлар боюнча келтирилбегени үчүн арыз ээси көрсөтүлгөн шайлоо участокторуна коюлган талаптарынан баш тартты.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 4-бөлүгүндөгү 43-беренесинин 7-абзацында: “Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш” – деп белгиленген.

Келип түшкөн №7024, 3137, 4148 УШКлар боюнча баардык материалдар, анын ичинде участкалык комиссиялардын төрагалары конституциялык Мыйзамдын беренелерин добуш берүүдө жана жыйынтык чыгаруудагы, АЭУ иштешин бузганы боюнча берген түшүндүрмө жана түшүнүк каттарын изилдеп, добуш берүү процедурасы боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу, УШКнын мүчөлөрү шайлоочунун жана референдумдун катышуучуларынын эркин билдирүүсүнө таасир эткен аракеттери, ошондой эле АЭУнун иштебей калгандыгы аныкталбаган жана арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталган эместигин Жумушчу топ белгилеген.

Жумушчу топ тарабынан №7024, 4148 УШКнын төрагаларына эскертүү, №3137 УШКсынын АЭС операторуна эскертүү берүү, №3106 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 5-бөлүгүндөгү 37-беренесинин 2-абзацында, шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.

Ошол эле учурда, конституциялык Мыйзамдын 37-беренесиндеги 5-бөлүктө көрсөтүлгөн талаптардын бузулганы тастыкталган жок.

Жогоруда белгиленген жагдайларды эске алып Жумушчу топ, шайлоо комиссияларынын иш-аракеттериндеги мыйзамсыздыктар боюнча арыз ээсинин жүйөлөрү негизсиз деп таап, “Клооп медиа” КФнун даттануусу канааттандыруусуз калтырылууга тийиш деп эсептейт.

Жогоруда белгиленгендерди эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 37-1 беренесин, шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жобону жетекчиликке алып:

  • Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын ишаракеттерин Мыйзамга ылайык келбейт деп табуу жөнүндө;
  • Кемин, ТогузТоро, Ат-Баши, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын иш-аракеттерин Мыйзамга ылайык келбейт деп табуу жөнүндө;
  • №7007, 7024 (Кемин АШКсы), №4078 (ТогузТоро АШКсы), №4069 (Нарын АШКсы), №4148 (Кочкор АШКсы), №4173 (Ат-Башы АШКсы), №3106, 3137, 3136 (Ак-Суу АШКсы) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө.

КРнын БШКсы “Клооп медиа” коомдук фонду тарабынан 2021-жылдын 15-январындагы арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин чыгарды.

БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын айрым нормаларын бузууга жол бербөө керектиги боюнча, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана АЭУнун операторлору добуш берүү үкөктөрүнүн жанында болуу, стационардык үкөктөрдү колдонуу жана ага мөөр басуу, байкоочулардын шайлоо укуктары боюнча №3106 УШКсынын мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алды.

Ошондой эле Боршайком “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын айрым нормаларын арыздарды кароо мөөнөттөрүн бузуу, добущ берүүнүн купуялуулугун жана добуш берүүнү уюштуруу эрежелерин бузууга жол берилбестиги боюнча №7024, 4148 УШКсына, №3137 УШКнын АЭУнын операторуна эскертүү берди.

 

КР БШК Маалыматтык борбору.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>