БШК “Клооп Медиа” коомдук фонду айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан жок
20 января 2021
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-январындагы отурумунда “Клооп медиа” коомдук фондунун доо-арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топ 2021-жылдын 20-январында “Клооп медиа” коомдук фонду тарабынан 2021-жылдын 15-январындагы кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын иш-аракеттериндеги мыйзам бузуулар боюнча арызын кызыкдар тараптардын жана “Клооп медиа” КФдан Ф.Якупбаеванын катышуусунда каралды.
Арыз ээси өзүнүн талаптарын колдоп, 2021-жылдын 12-январында “Клооп медиа” Коомдук фонду УШКнын мүчөлөрүнүн жана төрагаларынын аракетсиздиги менен шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу боюнча арыздар менен кайрылышканын көрсөттү. Бирок, жогоруда белгиленген АШК өз чечимдери менен даттанууларды канааттандырган эмес. Арыз ээси даттануусунда, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 9,35,37 беренелеринин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы 9,31,45 беренелери бузулган деп көрсөткөн.
Даттануу арызын карап чыгып, арыз ээси тарабынан берилген сүрөттөрдү жана видеолорду изилдеп чыгып, кызыкдар тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, Жумушчу топ төмөнкүдөй жыйынтыкка келет.
Арыз ээсинин келтирген жүйөлөрүн тастыктаган эч кандай далил №7007, 7136, 4069, 4078, 4073, 2089 УШКлар боюнча келтирилбегени үчүн арыз ээси көрсөтүлгөн шайлоо участокторуна коюлган талаптарынан баш тартты.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 4-бөлүгүндөгү 43-беренесинин 7-абзацында: “Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш” – деп белгиленген.
Келип түшкөн №7024, 3137, 4148 УШКлар боюнча баардык материалдар, анын ичинде участкалык комиссиялардын төрагалары конституциялык Мыйзамдын беренелерин добуш берүүдө жана жыйынтык чыгаруудагы, АЭУ иштешин бузганы боюнча берген түшүндүрмө жана түшүнүк каттарын изилдеп, добуш берүү процедурасы боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу, УШКнын мүчөлөрү шайлоочунун жана референдумдун катышуучуларынын эркин билдирүүсүнө таасир эткен аракеттери, ошондой эле АЭУнун иштебей калгандыгы аныкталбаган жана арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталган эместигин Жумушчу топ белгилеген.
Жумушчу топ тарабынан №7024, 4148 УШКнын төрагаларына эскертүү, №3137 УШКсынын АЭС операторуна эскертүү берүү, №3106 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 5-бөлүгүндөгү 37-беренесинин 2-абзацында, шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.
Ошол эле учурда, конституциялык Мыйзамдын 37-беренесиндеги 5-бөлүктө көрсөтүлгөн талаптардын бузулганы тастыкталган жок.
Жогоруда белгиленген жагдайларды эске алып Жумушчу топ, шайлоо комиссияларынын иш-аракеттериндеги мыйзамсыздыктар боюнча арыз ээсинин жүйөлөрү негизсиз деп таап, “Клооп медиа” КФнун даттануусу канааттандыруусуз калтырылууга тийиш деп эсептейт.
Жогоруда белгиленгендерди эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 37-1 беренесин, шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жобону жетекчиликке алып:
- Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын ишаракеттерин Мыйзамга ылайык келбейт деп табуу жөнүндө;
- Кемин, ТогузТоро, Ат-Баши, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын иш-аракеттерин Мыйзамга ылайык келбейт деп табуу жөнүндө;
- №7007, 7024 (Кемин АШКсы), №4078 (ТогузТоро АШКсы), №4069 (Нарын АШКсы), №4148 (Кочкор АШКсы), №4173 (Ат-Башы АШКсы), №3106, 3137, 3136 (Ак-Суу АШКсы) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө.
