ЕККУ ДИАУБ жана ЕККУ ПА Миссияларынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары боюнча алдын ала корутундулар жана натыйжалар жөнүндө билдирүүсү
12 января 2021
Алгачкы корутундулар жана жыйынтыктар боюнча билдирүү ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ) жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) биргелешип жасаган иш-аракетинин натыйжасы. Өткөрүлгөн шайлоо ЕККУнун милдеттенмелерине жана башка эл аралык милдеттенмелерге жана демократиялык шайлоолордун стандарттарына, ошондой эле улуттук мыйзамдарга ылайык келер-келбесин аныктоо үчүн баа берилди.
Шайлоонун жыйынтыктоочу отчету, шайлоо процессинин калган этаптары, анын ичинде отчет берүү жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоо, ошондой эле шайлоо күнүнөн кийин келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароо сыяктуу бөлүктөрдү камтып, шайлоого акыркы баа берилет.
ДИАУБ ШЧБМдин курамына республиканын борборундагы 15 эксперт жана өлкө боюнча жайгаштырылган 22 узак мөөнөттүү байкоочулар кирген. Шайлоо күнү, жалпысынан 84 байкоочу байкоо жүргүзүп, анын ичинен 40 байкоочу ДИАУБ ШЧБМдин байкоочулар тобун түзсө, ал эми ЕККУ ПАнын делегациясынын 44 мүчөдөн турган өкүлү бул миссиянын катарына кошулду. Байкоочулар ЕККУга 24 мүчө мамлекеттерден тартылды.
Байкоочулар чакыруу жибергендиги үчүн КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, көрсөткөн жардамы үчүн Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирет. Ошондой эле, алар башка мамлекеттик органдарга, талапкерлерге, жарандык коом уюмдарына жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөндүгү жана кызматташтыгы үчүн өз ыраазычылыгын билдиришет.
2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандан кийин орун алган саясий кризис мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоолорго жана референдумду өткөрүүгө түрткү болду. Мыйзамдык-укуктук база, атаандаш шайлоолорду өткөрүүгө мүмкүндүк берип, негизги эркиндиктер сакталды. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде, бирдей эмес каржылык каражаттары жана административдик ресурстарды туура эмес пайдаланганына байланыштуу бир гана талапкердин басымдуулук кылгандыгы, натыйжада бирдей эмес шарттарды жаратты. Шайлоо процесстери дагы, дебаттар дагы президенттик шайлоо менен референдумдун, тактап айтканда бир талапкердин байланышы менен начарлаган.
Коомдук телеканалдар тарабынан акысыз эфирдик убакыттын бөлүнүшү талапкерлер үчүн үгүт аянтчасын түздү; Ошого карабастан, кээ бир учурларда мыйзамдардын чектелгендигинен улам, ММКларда критикалык отчеттордун жетишсиздиги, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоо мүмкүнчүлүгүн кыскартты.
COVID - 19 менен байланышкан саламаттыкты сактоо эрежелери жакшы аткарылбаса да, шайлоо күнү ирээттүү жана жалпысынан жакшы өттү.
Укуктук база демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн бекем негизди түзөт. Жалпысынан, ДИАУБдун мурунку сунуштарына ылайык, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Бирок, буга чейин сунушталып келген айрым рекомендациялар дагы деле аткарылбай келет. Президент жалпы элдик добуш берүү аркылуу алты жылдык мөөнөткө шайланат. Парламент өз мандатын узартып конституциялык маселе боюнча референдумду тез аранын ичинде, мыйзамдын процедуралык эрежелерин бузуу менен коомдук талкууга алып чыкпастан, дайындады.
Шайлоо жана референдум жаатындагы мыйзамдарды бир убакытта колдонуу, кошумча жөнгө салууга негиз боло турган кемчиликтер менен бүдөмүктөрдү жаратты.
Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо жана референдум, шайлоо органдары тарабынан негизинен жакшы уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК), шайлоо процессинин ачыктыгын жогорлатуу үчүн онлайн режиминде, түз эфир аркылуу ачык жыйындарды өткөрүп турду. БШК, чечимдердин көпчүлүгүн өз убагында жарыялады жана шайлоо процессинин ар кандай аспектилери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алды, ошондой эле, орун алган кемчиликтердин үстүнөн иштеди , бирок БШКнын арыздарды жана башка шайлоо мыйзамдарынын бузулушун кароодогу бир жактуулугу тынчсыздандырат. Ошентсе да, ДИАУБ ШЧБМдин маектештеринин басымдуу көпчүлүгү төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишинин натыйжалуулугуна жана калыстыгына күмөн санабай тургандыгын билдиришти.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3,5 миллиондой шайлоочу киргизилген. Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жол бербөөгө багытталган иш-аракеттерге карабастан, шайлоочулардын шайлоо дарегин убактылуу өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнүн алынып салынышы 300 миңдей шайлоочуга добуш берүү укугун жүзөгө ашырууда тоскоолдук жараткан. Ошол эле учурда, БШК, шайлоо күнү шайлоо участкаларында иштеген жарандардын катталган дарегине карабастан добуш бере алуусун камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрдү. Жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан адамдардын добуш берүү укугунан ажыратылуусу жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдарга карата колдонулган чектөөлөр эл аралык стандарттарга жана милдеттенмелерге каршы келет. Биометрикалык каттоодон өтпөй калган 450 миңге жакын жаран өз шайлоо укугунан пайдалана алган жок.
Жалпысынан инклюзивдик процессте 18 талапкер, анын ичинде бир аял талапкер катталды. Көрсөтүлгөн талапкерлердин бир тобу БШКнын узак процедуралык талаптары менен коштолгон кол тамгаларды топтоонун кыскартылган мөөнөттөрүнө нааразы болушту. Кол тамгаларды текшерүү жана ырастоо процесстери ачык-айкын өтүп, ырааттуу колдонулду. БШК референдумду үгүттөө үчүн 15 үгүт тобун каттады.
Талапкерлер негизинен үгүт иштерин эркин жүргүзө алышкан, бирок көпчүлүгүндө талап кылынган каржылык жана уюштуруучулук ресурстар жетишсиз болду. Шайлоо алдындагыүгүттөөдө Садыр Жапаров басымдуулук кылган. Референдум боюнча үгүттөө көбүнчө президенттикке талапкерлердин каалоосу менен жүргүзүлдү. Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө, программалык маселелердин жетиштүү деңгээлде талкууланбандыгы байкалган, анткени теледебат учурунда катышуучулар талапкерлердин жеке мүнөзүнө көбүрөөк көңүл бурушту.
Административдик ресурсту колдонуу боюнча дооматтар жана уюшкан кылмыштуулуктун тийгизген таасири тууралуу жалпы тынчсыздануулар ушул процесстин жүрүшүндө айтылды.
Шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдар үгүттүк каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылганы менен айрым аспектер жөнгө салынбай келет. Мыйзамдарда президенттик шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө кетчү чыгымдарды чектөө каралган болсо, референдум өткөрүү үчүн үгүт жүргүзүүнүн кирешелерине жана чыгашаларына чектөөлөр жок. Үгүтөө фондлордун бардык каражаттары атайын ачылган банк эсеби аркылуу өтүшү керек, бирок ДИАУБ ШЧБМдин маектештеринин кээ бирлери эсепке алынбаган айрым чыгымдар жөнүндө билдиришкен. Үгүт иштерин каржылоону көзөмөлдөө БШКга жүктөлөт, ал тиешелүү маалыматты өзүнүн сайтына жарыялайт.
Динамикалуу медиа чөйрө чакан жарнама рыногу менен чектелет, бул тышкы булактардан көз карандылыкка алып келет. Расалык, диний же регионалдык кастыкты козутууга тыюу салган мыйзамдын ашыкча кеңири чечмелениши, ошондой эле, инсандын аброюна шек келтирүү боюнча доолордо чексиз компенсациялардын колдонулушу, журналисттик иликтөөлөрдү жассоодо, аналитикалык жана сынчыл материалдарды чыгарууда тоскоолдук жаратат. Андан тышкары, акыркы мезгилде журналисттерге карата физикалык жана оозеки чабуулдардын көбөйүшү кылдат иликтенбегендиктен, жазасыздык чөйрөсү түзүлүп, өзүн - өзү цензуралоону күчөттү.
Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарда үгүт иштеринин аныктамасы кеңири берилгендиктен, журналисттик чагылдыруулар де-факто, жарнамалык акы төлөөнүчү материал катары берилет. Мындай көрүнүштөр, бирдей чагылдыруу жагынан мыйзам талаптарынын формалисттик чечмеленишине байланыштуу, аналитикалык жана редакторлук чагылдырууга жол берилген чөйрөнү чектейт. Жыйынтыгында, бул акы төлөнүүчү шайлоого байланыштуу жаңылыктарды чагылдыруунун басымдуу бөлүгү талапкерлер тарабынан төлөндү. ДИАУБ ШЧБМдин медиа мониторинг тобу, мониторинг жүргүзгөн бардык телеканалдарда президенттик башкаруу формасын Кыргыз Республикасы үчүн бирден-бир ылайыктуу чечим катары үгүттөгөн. Эки улуттук телеканалда акысыз обо убактысынын бөлүштүрүлүшү көптөгөн талапкерлер жана референдумдун үгүт топтору үчүн үгүттөөгө багытталган платформа катары колдонулду. Түз эфирдеги теледебаттар уюштурулуп талапкерлерди салыштырууга мүмкүнчүлүк берилген учурда, жеке ЖМКлардын дебаттарды уюштурууну каалабагандыгы, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоо жасоого болгон мүмкүнчүлүгүн кыйла чектеди.
Президенттикке талапкерлердин арасында этникалык азчылыктардын өкүлдөрү жок жана этностор аралык мамилелерге байланыштуу маселелер талапкерлердин программаларында так чагылдырылган эмес. Шайлоочуларга билим берүү жана үгүт иштерин жүргүзүүгө байланыштуу материалдар мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдерде жарыяланды. Этникалык азчылыктарга карата кастыкты козуткан бир дагы учур, ободо, басылмаларда же социалдык тармактарда ДИАУБ ШЧБМ тарабынан байкалган же маалымат келип түшкөн эмес.
БШКнын онлайн реестринде жарыяланган 80ден ашуун арыздардын көпчүлүгү үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга тиешелүү болгон. Бул арыздардын жана билдирүүлөрдүн көпчүлүгү БШКнын жумушчу топтору тарабынан каралып чыккан же БШК тарабынан каралбай туруп укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.Мындай аракеттер, мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун төмөндөтөт.
БШК тарабынан өткөрүлгөн өнөктүктү жүргүзүү эрежелеринин бузулушуна байланыштуу даттанууларды кароонун жүрүшүндө, тандалма мамиле жасагандыгы жана мыйзамдардын талаптарын ырааттуу колдонбогондугу, БШКнын калыстыгына болгон кооптонууну жаратат.
Шайлоону байкоо боюнча эл аралык миссия, шайлоо күнүндөгү процесстерге тутумдуу жана ар тараптуу байкоо жүргүзгөн жок. Чектелген сандагы шайлоо участкаларында шайлоо жараяны уюшкандыкта өтүп, даярдыктар жакшы деңгээлде болду, бирок, кээ бир учурларда, мисалы, бюллетендер сканерлөөчү урнага салынган кезде, купуялуулук талаптары бузулуп жатты.
Добуш берүү аяктагандан көп өтпөй, БШК өзүнүн веб-сайтында алдын ала, деталдуу жыйынтыктарды жарыялады, ошону менен биргеликте ачык-айкындуулукту камсыздады. Президенттик шайлоого да, референдумга да шайлоочулардын 40 пайызга жакыны катышканы кабарланды.
Отчет жөнүндө кененирээк бул жерден окуй аласыз.
