КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова РФ БШК мүчөсү С. Шапиев менен жолугушту

13 января 2021

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Россия Федерациясынын БШК мүчөсү Сиябшах Шапиев менен жолугушту. РФ БШК мүчөсү 2021-жылдын 10-январында КР Президентин шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы менен куттуктады.

2020-жылдын октябрындагы окуялардан соң КР БШКсы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкандан кийин, кезектеги шайлоонун дайындалышы КР БШКнын азыркы курамы үчүн чыныгы сыноо болгон. Ошол кездеги бирден-бир легитимдүү орган КР БШК мүчөлөрүнүн эрктүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн гана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. КР Жогорку Кеңеши мындай чечимди кабыл албагандыгына байланыштуу чечимди БШК кабыл алган.

С.Шапиев шайлоо мыйзамдарындагы бузууларга каршы туруучу механизмдерди жогору баалады. “Ыкчам аракет кылуучу координациялык топ – бул мыйзам бузууларга тез арада реакция кылган эффективдүү инструмент”.

РФ БШК мүчөсү мындан тышкары участкалык шайлоо комиссияларынын кесипкөйлүгүн белгиледи. С. Шапиев “Бир УШКнын төрагасы добуш берүү процессинин ар бир стадиясын жана жыйынтык чыгарууну так, даана ар бир байкоочу түшүнгүдөй кылып айтып жатты” деп билдирди.

Тараптар 2015-жылы Кыргызстандын шайлоо системасына киргизилген алдыңкы технологиялардын колдонулушун да талкуулашты. Жаңы шайлоо модели добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берчү бюллетенди саноодо жана башка иштерде адамдык фактор сыяктуу бир катар проблемаларды жокко чыгарууга жардам берет.

КР БШК жетекчиси өз кезегинде Россия БШКнын санариптик технологияларды колдонуу, анын ичинде дистанциялык добуш берүү тармагындагы “Мобилдүү шайлоочу” тиркемеси жана башкалар боюнча тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун аягында Н. Шайлдабекова Россия БШКнын жетекчилигине Россия Федерациясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо жана 2021-жылдын 10-январындагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда камсыз кылууга жардам бергени үчүн ыраазылык билдирип, 2021-жылдын сентябрында РФнын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасына шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалады.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү