КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча жооп берди

13 января 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январында kaktusmedia сайтында жарыяланган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүү күнү 2021-жылдын 10-январында Брайл трафаретинин дал келбестигин текшерүүгө КРнын БШКсынын өкүлдөрү ыкчам түрдө №1133 шайлоо участогунда барышкан.

Текшерүү объективдүү болушу үчүн көзү начар көргөн жаран тартылган. Бюллетенге коюлган бош квадрат менен трафареттеги тиешелүү белги үчүн коюлган тешикчелери дал келгени жөнүндө Кыргыз Республикасынын БШКнын өкүлдөрү белгилешкен. Текшерүү ачык жана айкын №1133 шайлоо участогундагы байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөн.

Эске сала кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыздоо үчүн ДМЧ жарандардын добуш берүүсүнө тиешелүү чаралар каралган.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо, анын ичинен добуш берүүчү жайга мүмкүн болушунча максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, тиешелүү аймактын шайлоо комиссиялары, социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте, ден соолугунун мүмкүнчүлуктөрү чектелген шайлоочулардын Керектөө картасы, добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калганда түзүлөт.

КР БШК Маалыматтык бөлүм