Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

12 января 2021

2021-жылдын 12-январында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна төрт талапкер - Назанов Алмаз Аширбекович, Назанов Кыралы Камбарбекович, Айылчиев Куштарбек Камчыбекович, Анаркулов Ойрот Ажибаевич катталган.

Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 11 депутатынан 11 депутаты катышты. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 12-январдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Назанов Алмаз Аширбекович 3 добуш, талапкер Назанов Кыралы Камбарбекович 0 добуш, талапкер Айылчиев Куштарбек Камчыбекович 0 добуш, талапкер Анаркулов Ойрот Ажибаевич 7 добуш алышкан, барына каршы 1 добуш.

2021-жылдын 12-январдагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Анаркулов Ойрот Ажибаевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.