Кыргызстандын байкоочулары Казакстандын парламент мажилисине жана маслихаттарына депутаттарды шайлоого мониторинг жасашты

12 января 2021

2021-жылдын 10-январында Казакстан Республикасынын парламент мажилисине депутаттарды кезектеги шайлоо жана бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округунун территориясы боюнча партиялык тизмелер менен шайлануучу Казакстан Республикасынын маслихаттарынын VII-чакырылышынын депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын атынан 14 өкүл (КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР БШК мүчөсү жана кызматкерлери, КР ТИМ өкүлдөрү, КР Чүй жана Талас облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын өкүлдөрү) жогоруда аталган шайлоолорго КМШ, КМШ ПАА, ШКУ жана ТТӨКК миссияларынан эл аралык байкоочу катары катышышты.

Кыргызстандан барган байкоочулар Нур-Султан, Алматы жана Тараз шаарларында жана Кыргызстандагы Казакстандын элчилигиндеги шайлоо участогунда шайлоолорго мониторинг жүргүзүштү.

Маалымат үчүн:

2020-жылдын 21-октябрында мамлекет башчысы К. Токаев РК парламентинин мажилисине 2021-жылдын 10-январында кезектеги депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон (VII чакырылыш).

Парламент мажилиси 107 депутаттан турат. Парламент мажилисинин 98 депутаты жалпы улуттук округдан бүткүл элдик, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде купуя добуш берүү менен саясый партиялардан партиялык тизме менен шайланышат. Парламент мажилисинин 9 депутаты Казакстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан шайланат.

2016-жылдын 20-мартында шайланган Парламент мажилисинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү 2021-жылдын мартында аяктайт.

Парламент мажилисинин депутаттарын кезектеги шайлоо Президент тарабынан 5 айдан кем эмес убакытта дайындалып жана Парламент мажилисинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөрүнө 2 айдан кеч калбаган убакытта өтөт.