Башкы Жаңылыктар Түрк кеңешинин Миссиясы: КРдагы шайлоо улуттук мыйзамдарга жана …

Түрк кеңешинин Миссиясы: КРдагы шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү

11-Янв, 2021

Түрк кеңешинин билдирүүсү

Түрк кеңешини Миссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүздү. Миссия Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин катчылыгынын расмий адамдарынан түзүлгөн.  

Президенттикке мөөнөтүнөн мурда шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлдү. Биз Кыргыз Республикасын жана бир тууган кыргыз элин куттуктайбыз жана шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн өнүгүшүн дагы бекемдешин каалайбыз.

Шайлоо алдында миссия мүчөлөрү талапкерлер алардын шайлоо кампаниясынын өкүлдөрү менен агитациялык процесстер менен жана талапкердин шайлоого даярдыгы менен таанышуу максатында жолугушкан.

Жолугушууларда делегация шайлоо кампаниясы үчүн талапкерлердин негизги платформалары, алардын ЖМКда чагылыдырылышына жетишүүлөрү, кампанияны каржылоого байланыштуу мүмкүн болуучу проблемалар, шайлоо үчүн мыйзамдык базалардын сапаты боюнча конкреттүү чочулоолор анын ичинде шайлоо системасы жөнүндө маселелерди талкуулады.

Байкоочулар миссиясы КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова менен да жолугушту.

Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушууда миссияга министрлик тарабынан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, консулдук мекемелерде шайлоого даярдык көрүү иштери боюнча маалымат берилген. Мындан тышкары чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын шайлоолорго катышуусун көбөйтүүгө багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат берилип, чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын саны 32 миңден 49 миңге жеткенин, ал эми шайлоо участоктору 2020-жылдын 4-октябрындагы акыркы шайлоодон кийин 45тен 48ге көбөйгөнү тууралуу да айтылган.

Ал эми КР Боршайкомунда болгон жолугушууда делегацияга учурдагы КОВИД-19 пандемиясын эске алуу менен Боршайком жана Саламаттык сактоо министрлиги биргелешип, “Калктын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин планы” шайлоо убагында ишке ашырыла тургандыгын билдиришкен.

Миссия шайлоонун мыйзамдык базасына жакында эле киргизилген оңдоолорду, президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнүн босогосун ылдыйлатуу жана саясый турмушка катышууну колдоо үчүн ыктыярчылардын кампанияга катышуусуна уруксат берүүнү көңүлгө алат. Жакында эле болуп өткөн парламенттик шайлоодогу айыптоолорго жооп катары, Кыргызстан форма 2ни президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо колдонуудан баш тартты, бул айрым талапкерлер тарабынан жана коомдун айрым чөйрөсү тарабынан көптөн күтүлгөн кадам катары бааланды.

Айрым кыянатчылык менен пайдаланууга алып келүүчү системадагы мүмкүн болуучу жылчыктарды жок кылуу, акылдуу кадам болор эле. Бирок миссия бериле турган добуштарды жоготууларга, анын аркасы менен кыргыз коомчулугунун электоралдык активдүүлүгү шайлоочулардын өлкө ичинде шайлоо даректерин өзгөртүү мүмкүндүгүн жок кылгандан кийин төмөндөп кетишине көңүл бурат. Биздин оюбузча, кыргыз саясатчылары алдыдагы шайлоолордо башка чечимге келип, бул эки башка чечимдердин тең салмагын табышат деп үмүттөнөт.

Чет мамлекеттерде жашаган шайлоочулардын өсүшүн жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө шайлоо участокторунун түзүүсүн кубаттоо менен, миссия Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшү үчүн, эгер саясатчылар чет мамлекеттерде жашаган жүз миңдеген кыргызстандыктардын катталуусу үчүн тез арада чараларды кабыл алса, алар Кыргызстандагы шайлоолордо добуш бере алышса абдан пайдалуу болоор эле деп эсептейт. Бул кыргыз калкынын саясый өкүлчүлүгүн жогорулатып, ушунусу менен саясатты иштеп чыгууда кыргыз элинин эркин билдирмек.

Шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңири чагылдыруусун шайлоо процесси боюнча кабардар кылууга жардам берүүчү элемент катары белгилесе болот.

Миссия Бишкектеги 18 шайлоо участогунда байкоо жүргүздү. Байкоочулар шайлоо участокторунда иштер менен кенен таанышып, расмий адамдардан керектүү маалыматтарды алып жатышты. Шайлоолор шайлоо мыйзамына ылайык даярдалып жана өткөрүлдү.

Кыдырма урналар шайлоо участокторуна келе албагандарга сунуш кылынды. Мындай учурда улуттук байкоочулар кыдырма урнаны коштоп жүрүштү.

Миссия шайлоочунун тандоосуна таасир берүү аракеттерин жана административдик же укук коргоо органдарынын шайлоо участокторунун иштерине кийлигишкендиги боюнча далилдерди тапкан жок. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык улуттук жана эл аралык байкоочуларга бейтарап байкоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлдү.

Миссия улуттук жана эл аралык байкоочулардын катышуусу шайлоонун ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатат деп эсептейт. Миссия КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу шайлоо комиссиялары зарыл болгон санитардык чараларды кабыл алгандыгын белгилейт.

Миссия шайлоо участогунун көрүнгөн жерлеринде, анын айланасында бир тараптуу агитация жасалгандыгын каттаган жок, шайлоо участокторунун жанында эч кандай кампаниялар жүргөн жок. Шайлоо участоктору негизинен кемтилгеси бар адамдарга да жеткиликтүү болду.

Миссия шайлоонун жыйынтыгына таасир бере турган олуттуу техникалык проблемалардын жоктугун белгиледи.

Акырында Түрк кеңешинин байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоосу ачык-айкын болуп, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына шайкеш келгендигин бекемдейт.

Жакынкы күндөрдө миссия мүчө мамлекеттер жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо боюнча өзүнүн баалоосу жана сунуштары менен бөлүшөт.

Биз дагы бир жолу Кыргызстанды жана кыргыз элин шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы менен куттуктайбыз жана шайлоо менен референдумдун жыйынтыгы өлкөнүн бакубатчылыгынын жогорулашына жардам берет деп үмүт кылабыз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>