КМШ Миссиясы Кыргызстандагы шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун белгиледи

11 января 2021

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен эл аралык байкоочулар Миссиясынын билдирүүсү

Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук комиссия) чакыруусу менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен эл аралык байкоочулар Миссиясы (мындан ары – Миссия) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 токтому, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүздү.

15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков ѳзүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ эл алдында билдирүүдөн жана 2020-жылы 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында сүйлөгөн сѳзүнөн кийин, ошондой эле Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 конституциялык Мыйзамында (мындан ары – Конституциялык мыйзам) белгиленген мөөнөттө мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо дайындабагандыгына байланыштуу Борбордук комиссия Президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун датасын аныктады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бѳлүгүндѳгү «мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт» деген жана шайлоо жѳнүндѳ Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 3 жана 4-бѳлүктөрүндѳгү эгерде Жогорку Кеңеш Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелери, мындай учурларда Борбордук комиссия шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялай турганы жөнүндө талаптар  Борбордук комиссиянын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо датасын аныктоо үчүн укуктук негиз болуп саналат.

Шайлоону мѳѳнѳтүнѳн мурда өткөрүүгө байланыштуу Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык белгиленген иш-аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылган.

Миссия  шайлоо жана референдум өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзүүгө 2020-жылы 21-декабрда киришти, келип жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сактоо менен шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө, мамлекеттин ички иштерине кийлигишпестен өз иш-милдеттерин эркин жана көз карандысыз түрдө аткарды.

Миссиянын курамында  Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, КМШ катышуучу мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынан, Беларусь жана Россия бирлигинин Парламенттик Кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү аккредитацияланды. Бардыгы 138 байкоочу болду, алардын 10у узак мөөнөттүү негизде иштеди.

Миссиянын өкүлдөрү өткөрүлүп жаткан өнөктүктөрдү Кыргыз Республикасынын Борбордук комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин, Жогорку Сотунун, Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жетекчиликтери менен талкуулашты. Байкоочулардын  Президенттин кызмат ордуна талапкерлер (мындан ары – талапкерлер) К.С. Асанов, К.К. Иманалиев, А.К. Мадумаров, А.К. Сегизбаев, К.С. Сооронкулова жана талапкерлер С.Н. Жапаровдун жана К.К. Исаевдин шайлоо штабынын жетекчиликтери, башкаруунун президенттик формасына «макул» республикага «каршы», башкаруунун парламенттик формасына «каршы» жана «бардык варианттарга каршы»  үгүт топторунун жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү.

Шайлоо жана референдум өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзүү алкагында Миссия башчысы В.П. Волков вице-премьер-министри М.С. Мамытканов, Борбордук комиссиянын төрагасы Н.К. Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев, ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын башчысы Т. Месерич менен жолугушуусу болуп өттү, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын комиссияларынын иштери менен таанышты.

Миссия ачык-айкын иштеди, анын иши басма сөздө чагылдырылды. Миссиянын штабы шайлоону жана референдумду даярдоого байкоо жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтык билдирүүлөрдү, арадагы отчётту чыгарды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө интервью берди.

Миссия республикада шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилейт.

Шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн мыйзам негиздери

Шайлоо жана референдум өнөктүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана шайлоо жѳнүндѳ Конституциялык мыйзамдын, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – референдум жөнүндө Конституциялык мыйзам), шайлоону жана референдумду даярдоону жана өткөрүүнү жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын жана Борбордук комиссиянын токтомдорунун негизинде өткөрүлдү.

2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин шайлоо жѳнүндѳ Конституциялык мыйзам олуттуу түрдө толукталып иштелип чыкты.

2019-жылы Президентти шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу жоболорго төмөнкүлөргө тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди:

административдик ресурсту кыянат пайдаланууга жол берилбестикке:

ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоого;

талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун тартибин, шайлоочулардын тизмесин жүргүзүүнү жөнгө салуучу, ошондой эле жарандардын шайлоо процессине инклюзивдүүлүгүн (тартылуусун) арттыруу чараларына тийиштүү бир катар ченемдер.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2020-жылдын 11-ноябры № 2 Конституциялык мыйзам менен төмөнкүлөр белгиленди:

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандар гана туруктуу жашаган жери болуп саналбаган жерге келген дареги боюнча добуш берүүгө укуктуу;

талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү үчүн шайлоочулардын добуштарынын эң төмөнкү саны беш пайыздан бир пайызга төмөндөтүлдү;

талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары жана байкоочулар шайлоого байланыштуу иш жүргүзүүгө акысыз негизде тартылышы мүмкүн.

2019-жылы референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамга добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, референдумдун айкындуулугун камсыздоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча кошумча чаралар каралган өзгөртүүлөр киргизилди, ошондой эле үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга карата кошумча талаптар белгиленди.

КМШ ПАА демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө, катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун Миссия курамына кирген эксперттери Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын демократиялык шайлоонун эл аралык стандарттарына ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүштү жана ал мыйзамдар добуш берүүнүн купуялыгын, жарандардын, алардын бирикмелеринин укуктарын сактоо менен баарына бирдей жалпы, тең, тике шайлоо укуктарынын негизинде президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруп, өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү түпкүлүктүү ченемдерди камтырын белгилешти.

Шайлоо комиссияларын түзүү жана алардын иши

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөнкүлөр ишке ашырышты:

Борбордук комиссия;

шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча 54 аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – аймактык комиссиялар, АШК);

шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча 2 476 участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары – участкалык комиссиялар, УШК).

Борбордук комиссия – шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик орган.

Борбордук комиссиянын курамы 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана 12 адамдан турат.

Борбордук комиссиянын мүчөлөрүн бир жыныстагы адамдардын 70 %дан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен Жогорку Кеңеш шайлайт. Анын курамынын үчтөн бири – Кыргыз Республикасынын Президентинин  сунушу боюнча, үчтөн бири – парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бири – парламенттик оппозициянын сунушу боюнча шайланат. Борбордук комиссиянын иштеп жаткан курамы 2016-жылы шайланган.

Аймактык комиссиялар 5 жылдык мөөнөткө саясый партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн бирдей катышында 11 мүчөдөн кем эмес курамда Борбордук комиссия тарабынан түзүлөт.

УШК дагы 5 жылдык мөөнөткө 7 мүчөдөн кем эмес курамда аймактык комиссиялар тарабынан түзүлөт.

АШК жана УШК курамдары 2020-жылы январда түзүлгөн.

КМШ байкоочулар миссиясы саясый партиялар аймактык жана участкалык комиссиялардын курамдарына керектүү сандагы талапкерлерди бербегенин белгилейт. Натыйжада аларды түзүүдө бош орундар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү менен толукталды. Аймактык комиссияларда саясый партиялардын өкүлдөрү баары болуп 34,3 %ды, ал эми участкалык комиссияларда – 12,2 %ды түздү.

АШК жана УШКлардын курамдары, жайгашкан жери жана байланыш телефондору жергиликтүү басма сөздө жана Борбордук комиссиянын расмий сайтында жайгаштырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы Борбордук комиссиянын токтомдору менен бекитилген.

Мындан тышкары, Борбордук комиссия колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын айрым жоболорун толуктоочу бир катар токтомдорду кабыл алган.

Борбордук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерге шайлоо өнөктүгүн ачыктыктын жана өз ара сыйлоонун принциптеринде өткөрүүгө, саясий атаандаштар менен талаш-тартышты мыйзамдын негизинде ачык, коомдук дискуссияда чечүүгө, шайлоо процессинде этикалык жана моралдык ченемдерди сактоого чакыруу менен кайрылды.

Референдум дайындалгандан кийин Борбордук комиссия жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына  кайрылуу кабыл алган. Анда Борбордук комиссия алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүп,мыйзамдардын ченемдерин бекем сактоого, өз ара урматтоону жана чыдамкайлыкты көрсөтүүгө чакырат, референдумдун катышуучуларын добуш берүүгө жигердүү катышууну өтүнөт.

Борбордук комиссиянын алдында төмөнкү жумушчу топтор тузүлгөн:

Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча;

референдумда үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча;

шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча

шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча ж.б. бир катар жумушчу топтор.

Мыйзам ченемдерин бир түрдө колдонууну камсыздоо үчүн Борбордук комиссия аймактык жана участкалык комиссиялар үчүн шайлоо документтеринин усулдук түшүндүрмөлөрү жана үлгүлөрү топтолгон Колдонмо басып чыгарды.

Борбордук комиссия шайлоонун жана референдумдун катышуучуларына жардам катары  маалыматтык мүнөздөгү 11 усулдук материал, 11 плакат даярдаган.

Бардык участкалык комиссиялар планшеттер менен камсыздалды, бул маалымат Борбордук комиссия менен маалыматтарды ыкчам алмашып турууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары, планшеттерге жүктөлгөн окуу роликтери, атайын программалар жана тиркемелер түрүндөгү шайлоо жол-жоболору тууралуу маалыматтар УШК мүчөлөрүн окутуудагы кошумча элемент болуп калды.

Борбордук комиссия талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, укук коргоо органдары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрдү.

Талапкерлерге көмөктөшүү тартибинде талапкерлерди, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, байкоочуларды каттоо үчүн керектүү документтердин тариздери Борбордук комиссиянын сайтында жайгаштырылды. Шайлоо мыйзамдары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлдү.

talapker.shailoo.gov.kg маалыматтык ресурсунда талапкерлер тууралуу маалыматтар, алардын шайлоо алдындагы программалары,  шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы тууралуу маалыматтар жайгаштырылды.

Шайлоочулар (референдумдун катышуучулары) Борбордук комиссиянын колл-борборуна же Коомдук кабылдамасына кайрылып, шайлоонун жана референдумдун маселелери боюнча кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык Борбордук комиссия тарабынан добуш берүү үчүн орун-жайларга карата атайын талаптарды камтыган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын укуктарын камсыздоо боюнча, ошондой эле талапкерлерге жана референдумда үгүт топторуна үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлдү. Атап айтканда, талапкерлер үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес сандагы бөлүгүн сурдокотормо колдонуп, окууну жеңилдетүү үчүн чоңойтулган арип менен, ошондой эле Брайль тамгасын же башка атайын каражаттарды колдонуп чыгарууга жана таратууга тийиш болушту.

Борбордук комиссия Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте референдумду жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандарды COVID-19дан коргоо боюнча аракеттердин алгоритми иштеп чыкты. Анда шайлоо комиссияларынын иштөө,  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби аныкталып, шайлоочуларга (референдумдун катышуучуларына)  добуш берүү күнү сунуштар берилди.

Өкмөт тарабынан референдумду жана Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана административдик ведомстволоруна керектүү тапшырмалар берилген.

Шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн Борбордук комиссиянын  жана жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен тиешелүү деңгээлдеги Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлгөн. Алардын курамдарына шайлоо комиссияларынын, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирген. Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча ЫЧКТка кайрылуулар жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар Борбордук комиссиянын  сайтына жайгаштырылган.

YouTubeде жана социалдык түйүндөрдө Борбордук комиссиянын жыйналыштары түз берилип турду. КМШ байкоочулары анын ишинде коллегиялуулук жана айкындуулук, каралуучу маселелерди ачык талкуулоо орун алганын белгилейт.

Референдумга жана шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү алкагында Миссия мүчөлөрү  Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарындагы, Бишкек шаарындагы АШК жана УШКлардын иштери менен таанышты.

Миссия референдумду жана шайлоону шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык даярдоо жана өткөрүү боюнча Борбордук комиссия зарыл чараларды көргөндүгүн белгилейт.

Шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) тизмелери

Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече маалыматтардын негизинде, шайлоо участокторунун чектерин эске алуу менен жүргүзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилген.

Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу Мамлекеттик каттоо кызматы менен өз ара аракеттешүү менен Борбордук комиссия тарабынан жүргүзүлдү. Шайлоолордун ортосундагы мезгилде ал ай сайын жаңыланат, шайлоону даярдоожана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат.

Референдумду шайлоо менен бир күндө өткөрүүгө байланыштуу шайлоочулардын тизмеси референдумдун катышуучуларынын тизмеси дагы болуп саналды.

Даяр болуу даражасына жараша шайлоочулардын тизмеси алдын ала, контролдук жана биротоло болуп бөлүнөт.

Алдын ала тизме курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык жүктөп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чегин эске алуу менен түзүлөт. Алдын ала тизме добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганда tizme.gov.kg мамлекеттик порталында жайгаштырылды, ал эми – 52 календардык күн калганда УШК жайларында илинди.

Тизмедеги өзүнүн маалыматтарынын тууралыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын колл-борборуна кайрылып же телефон аркылуу же СМС-билдирүү жөнөтүп дагы текшерүүгө болот.

Актуалдаштырылган маалыматтарды камтыган шайлоочулардын контролдук тизмеси Борбордук комиссия тарабынан мыйзамдарга ылайык добуш берүү күнүнө чейин 22 календардык күн калганда жөнөтүлүп, УШК жайларында илинди.

Ката же так эместикти аныктаган, шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда шайлоочу добуш берүү күнүнө чейин 11 календардык күндөн кеч эмес тиешелүү УШКга кайрыла алды же мамлекеттик порталдагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз бере алды.

Ушул эле мөөнөттө добуш берүү күнү биометрикалык каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылып, жашаган же жүргөн жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу болушту.

Ошол эле учурда 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр Кыргызстандын аймагында жашаган жарандарды туруктуу жашаган жери болуп саналбаган дарек боюнча добуш берүү укугунан ажыратты. Олуттуу ички миграциянын натыйжасында катталган жери боюнча жашабаган жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруусуна бул чара кыйынчылыктарды жаратты.

Миссия мыйзамдардын тиешелүү ченемдери кошумча иштеп чыгууларды талап кыларын белгилейт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча активдүү шайлоо укугуна ээ 405 миңден ашык жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес жана шайлоого катыша алышкан жок. Мында Мамлекеттик каттоо кызматынын Борбордук комиссия менен биргелешип жүргүзгөн ишинин аркасында мындай жарандардын саны 2017-жылдан тартып 300 миңден ашык адамга кыскарды.

 Арыздар иштелип чыккандан кийин Борбордук комиссия шайлоочулардын биротоло тизмесин түздү, ал добуш берүү күнүнө чейин беш календардык күн калганда – 2021-жылы 4-январда участкалык комиссияларда илинди.

Борбордук комиссиянын маалыматы боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 563 миң 574 адамды түздү.

Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жана каттоо

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат.

Шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.

Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтошу, Борбордук комиссиянын атайын эсебине шайлоо күрөөсүн төгүшү жана мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктаган тесттен өтүшү  керек.

Талапкерди көрсөтүү 2020-жылы 25-октябрдан тартып 14-ноябрына чейин (кошо алганда) өттү.

Борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө 65 арыз түштү. Анын ичинде 64 жаран өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде документтерди берди жана бир талапкер «”Улутман” республикалык партиясы» саясый партиясынан көрсөтүлдү.

Борбордук комиссия жүргүзгөн берилген маалыматтарды текшерүү процессинде 3 талапкердин жоюлбаган соттуулугу бар экендиги аныкталды, 9у мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээли жөнүндө сертификатты беришкен жок, 6 талапкерден шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздар түштү.

Өзүн колдогон кол чогултууга 47 талапкер киришти.

Анын ичинен он төртүнө талапкерди колдогон шайлоочулардын анык колтамгалары жетиштүү санда берилбегендиктен Борбордук комиссия  каттоодон баш тартты, дагы 15и өз арыздарын кайра чакыртып алышты.

Талапкерлер А.К. Мадумаров , К.К. Исаев , Б.Ж. Асанов пассивдүү шайлоо укугу бобогондугуна байланыштуу талапкер С.Н. Жапаровду каттоодон баш тартуу жөнүндө арыз менен Борбордук комиссияга  кайрылышты. Арыз ээлеринин жүйөлөрү негизсищ деп табылды.

Жыйынтыгында Борбордук комиссия 2020-жылы 12-декабрда 18 талапкерди каттады жана чүчүкулак жолу менен алардын фамилияларын шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн төмөнкүчө аныктады:

 

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич
  2. Исаев Канатбек Кедейканович
  3. Арстанбек Мыктыбек
  4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна
  5. Ташов Имамидин Асамидинович
  6. Тагаев Рашид Бакирович
  7. Сегизбаев Абдил Кенешевич
  8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
  9. Касенов Аймен Абдыталипович
  10. Кочкоров Улукбек Абдышевич
  11. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович
  12. Абакиров Эльдар Курманбекович
  13. Асанов Курсан Сатарович
  14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич
  15. Джеенбеков Равшан Бабырбекович
  16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович
  18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Каттоодон баш тартылган талапкерлер Борбордук комиссиянын чечимдерин сот органдарына даттана алмак. Мындай укукту 1 талапкер – К. А. Чороев пайдаланды, бирок Бишкек шаарынын административдик соту, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту кайрылууну канааттандыруусуз калтырды.

Талапкер К.С. Сооронкулова “С.Н. Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө” Борбордук комиссиянын токтомун даттанды.

Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими менен К.С. Сооронкулованын арызын канааттандыруудан баш тартылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын токтому менен биринчи инстанциядагы соттун чечими күчүндо калтырылды.

Натыйжада Р.Б. Тагаев өз арызы боюнча өз талапкерлигин алып салды.

Жогорку мамлекеттик кызмат үчүн күрөштү 17 адам улантты.

 

Шайлоо алдындагы үгүт, референдумдун маселелери боюнча үгүт жана шайлоочуларга (референдумдун катышуучуларына) маалымдоо

Шайлоо боюнча үгүт талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган кийин эртеси күнү – 15-декабрда, референдумдун маселелери боюнча үгүт «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып башталды.

Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде мыйзамдарды бир түрдө колдонууну камсыздоо максатында Борбордук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону кабыл алды.

Шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз берилүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш жана саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек. Ошондой эле мамлекеттик басылма ЖМКлары тарабынан талапкерлерге жана референдумдун үгүт топторуна А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес акысыз басылма аянтын бөлүп берилди.

Акысыз басылма аянты «Эркин-Тоо» жана «Кыргыз Туусу» газеталарында берилди.

КТРК жана «ЭлТР» телеканалдарында, Биринчи радио жана Эл FMде, «Кабар» маалымат агенттигинде жеке чыгып сүйлөө, теледебаттар үчүн убакыт берилди. Алардын обого чыгуу графиги чүчүкулактын негизинде Борбордук комиссия тарабынан бекитилди.

Акысыз берилүүчү обо убактысы облустук медиа борборлордо дагы берилди.

Талапкерлер, референдумда  үгүт топтору өз фонддорунун каражаттарынын эсебинен үгүт жүргүзүү үчүн ЖМКларда обо убактысын жана басылма аянтын сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Үгүт жүргүзүү үчүн Борбордук комиссия 60 теле- жана 29 радиокомпанияны, 61 басылма жана 72 интернет-басылманы, ал эми референдумда – 21 теле- жана 11 радиокомпанияны, 6 басылма жана 13 интернет-басылманы аккредиттеди.

Шайлоону жана референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга (референдумдун катышуучуларына) маалымдоо алкагында Борбордук комиссиянын тапшырыгы боюнча кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтык жана түшүндүрүү мүнөзүндө 7 видеоролик даярдалып, алар КТРК, «ЭлТР» МТРК телеканалдарында, 5 каналда, «Пирамида» ТРКда, облустук жана бир катар жеке каналдарда көрсөтүлдү, ошондой эле Борбордук комиссиянын Youtubeдеги расмий аккаунттарында жана социалдык түйүндөрдө жайгаштырылды.

Шайлоо жана референдум, эпидемиологиялык коопсуздук боюнча чаралар ж.б.  жөнүндө маалыматтарды камтыган 1 086 маалыматтык билборд, 63 миң плакат даярдалып, өлкөнүн региондоруна таратылды.

Үгүт өнөктүгү талапкерлердин шайлоо алдындагы күрөшкө тең даражада катышпагандыгы менен айырмаланды. Талапкерлердин кээ бири жогорку жигердүүлүктү көрсөтсө, башкалары өнөктүктү кыйла басаң өткөрүштү. Алардын көпчүлүгү шайлоочулар менен жолугушуу үчүн аймактарга барышкан жок, ал эми үгүттүн негизги каражаттары катары социалдык түйүндөрдү жана телерадио уюму бөлүп берген акысыз берилүүчү обо убактысын, ошондой эле ЖМКлардагы басылма аянтын пайдаланышты.

Борбордук комиссия тарабынан референдумга 15 үгүт тобун катталды. Анын ичинде:

- президенттик республикага «макул» – 8 үгүт тобу;

- президенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

- парламенттик республикага «макул» – 3 үгүт тобу;

- парламенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

- бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.

Референдумдун «макул» жана «каршы» топтору үгүт жүргүзүү үчүн убакыттын чектелген ресурсун белгилешти. Мында үгүт иш-чаралары массалык мүнөзгө ээ болгон жок. Борбордук комиссиянын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы боюнча добуш берүүгө чейин 10 күн калганда шайлоо фонддорунун атайын эсептеринде каражаттар бир топтун гана атайын эсебинде кыймылда болду.

КМШ байкоочуларынын пикири боюнча талапкерлерге, референдумдун үгүт топторуна жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмаларды тең шартта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди, ал эми жарандарга талапкерлер, шайлоо өнөктүгүнүн жана референдумдун этаптары жана жүрүшү жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды.

Даттануулар жана арыздар менен иштөө

КМШ байкоочуларынын Миссиясы шайлоо жана референдум өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзүү алкагында шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө даттанууларды жана арыздарды кароо компетенциясына кирген органдар менен өз ара аракеттешти.

Өнөктүк мезгилинде Бишкек шаарынын административдик соту талапкерлерди каттоо маселелери боюнча 3 иш карап, алар боюнча Борбордук комиссиянын актыларын мыйзамсыз деп табуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылды. Алардын экөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылып,  ал чеимдер өзгөртүүсүз калтырылды.

Ошондой эле Бишкек шаарынын административдик соту “С.Н. Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө” Борбордук комиссиянын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө талапкерлер К.К. Иманалиевдин, К.К. Исаевдин, А.К. Мадумаровдун, К.С. Сооронкулованын биргелешкен административдик доосун ж.б. бир катар документтерди кабыл алуудан баш тартты. Арыз ээлеринин кассациялык даттануусу даттанууну берүүдө процесстик бузуулар орун алгандыгына байланыштуу кароосуз калтырылды.

Борбордук комиссия тарабынан шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түшкөн Даттануулардын жана бузуулардын реестри түзүлгөн. Реестр Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко,  шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топко кайрылуулардын негизинде, ошондой эле ЖМКларга жана социалдык түйүндөргө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча түзүлгөн.

2021-жылдын 9-январына карата шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактылары тууралуу 88 билдирүү катталган. Аларда кароонун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматтар Борбордук комиссиянын сайтындагы реестрде жайгаштырылды.

Билдирүүлөрдүн олуттуу бөлүгү шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузууларга б.а. үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу талаптарын сактабоого, белгиленген убакыттан мурда үгүт жүргүзүү, үгүт ишине жашы жетпегендерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тартууга ж.б. аракеттерге тийиштүү болду. Ошондой эле талапкерлердин массалык үгүт иш-чараларынын учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын сактабоо жөнүндө билдирүүлөр түштү, видеохостингдерге жана социалдык түйүндөргө байкоо жүргүзүүдө дагы байкоочулар тарабынан бул тууралуу белгиленди.

Текшерүүнүн натыйжалары боюнча 7 учурда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык үчүн күнөөлү адамдар, анын ичинде талапкерлер Ташов И.А., Калмаматов Б.О., талапкерлер А.К. Мадумаровдун, С.Н. Жапаровдун райондук жана шаардык штабдарынын жетекчилери, Коомдук телерадиокорпорациянын директору ж.б. айып пул түрүндө жоопко тартылышты.

 Борбордук комиссиянын ЫЧКТ тарабынан дагы административдик ресурсту пайдалануу, үгүт иш-чараларына жарандарды борборлоштуруп ташып келүү, талапкерлердин шайлоо штабдарынын мүчөлөрүнө кысым жасоо жана коркутуу жөнүндө бир катар билдирүү катталды. Мында шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө арыздардын саны мурда өткөн шайлоолорго салыштырмалуу бир кыйла төмөндөдү. Реестрдин маалыматтары боюнча келип түшкөн ар бир билдирүү жөнүндө маалымат текшерүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага жөнөтүлүп турду. Байкоочуларга ички иштер органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан 9 жаза иши козголгону жөнүндө билдиришти.

Референдум өнөктүгүн жүргүзүүдө Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) телеканалында өз демилгеси боюнча башкаруунун президенттик формасына үгүттөө белгилерин камтыган берүү уюштурулган. Борбордук комиссия КТРКга эскертүү берип, альтернативалуу көз караштарды чагылдыруу үчүн ошол эле шарттарда жана көлөмдө акысыз обо убактысын берүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен президенттик республика үчүн даярдалган үгүт материалдарын пайдалануу учурлары белгиленди. Чыгаруу маалыматтарысыз жана референдум фондунан алдын ала төлөөсүз үгүт материалдарын таратканы үчүн үгүт топторунун биринин жетекчисине айып пул салынды.

Ошол эле учурда референдум жөнүндө мыйзамдарды бузгандык тууралуу билдирүүлөр массалык мүнөзгө ээ болгон жок.

Миссия өлкөдө шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү учурунда шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн шарттар түзүлгөнүн белгилейт.

Добуш берүүгө жана шайлоочулардын добуштарын саноого байкоо жүргүзүү

Шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык ооруканаларда жаткан, алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, убактылуу жашаган, ошондой эле ден соолугуна ж.б. себептер менен шайлоо участокторуна келүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар шайлоочулардын добуш берүүсү добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда өткөрүлөт.

Миссиянын байкоочулары 2021-жылы 9-январда шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсүнө катышты жана ал улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык келгендиген белгилейт: биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча жарандарды идентификациялоо жүргүзүлдү, добуш берүүнүн жашырындуулугу камсыздалды, тунук көчмө урналар пайдаланылды.

2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү Миссиянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын бардык облустарында, Бишкек  жана Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү шайлоо участокторунда – Алматы, Баку, Берлин, Дүйшөнбү, Екатеринбург, Минск, Москва, Новосибирск жана Санкт-Петербург шаарларында иштеди. Добуш берүү саат 8ден 20га чейин өткөрүлдү.

КМШ байкоочулары 627 шайлоо участогунда болушту жана добуш берүү процесси уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөнүн белгилешет. Улуттук жана эл аралык байкоочуларга добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлдү. Шайлоо участоктору маалыматтык материалдар жана керектүү жабдыктар, анын ичинде энергиянын резервдеги булактары менен жабдылды.

КМШ байкоочулары болгон шайлоо участокторунда көп учурларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн шарттар түзүлгөн – орун-жайга кире бериш жерлер пандустар, көмөктөшүүчү көрсөткүчтөр менен жабдылган, маалыматтык такталарда ири ариптер жана Брайль тамгасын колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылган, добуш берүү үчүн кабиналар оптикалык коррекциялоо каражаттары менен жабдылган.

Шайлоо участогуна келгенде шайлоочулар биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча жарандарды идентификациялоолоодон өтүштү, добуш берүү автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу менен жүргүзүлдү.

Байкоочулар автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүндө үзгүлтүктөр болгондугун белгилешет. Ошол эле учурда техникалык колдоо топтору келип чыккан бузулууларды ыкчам четтетишти.

Добуштарды саноо жол-жобосу шайлоо жана референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга ылайык өттү. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары автоматтык эсептөөчү урналар тарабынан түзүлдү.

Добуштарды саноодо байкоочуларга шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кыймыл-аракеттерин толук көрүп туруу камсыздалды.

Добуш берүү үчүн орун-жайларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандарды COVID-19дан коргоо боюнча камсыздоо чаралар көрүлдү. Бирок шайлоочулар белгиленген талаптарды сактабаган учурлар кездешти.

Өз отчетторунда КМШ байкоочулары анча көп сандагы эмес бузууларды белгилешти, Миссиянын пикири боюнча, ал бузуулар шайлоонун жана референдумдун натыйжаларына таасир эте албайт.

Миссиянын өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын саноонун натыйжалары  тууралуу Борбордук комиссиянын серверине түшкөн маалыматтарды бурмалоодон коргоо тутуму менен таанышты жана төмөнкүдөй деп эсептешет: Маалыматтык шайлоо тутумунун порталындагы аралыгы 1 саат сайын жаңыланган шайлоочулардын келүүсү тууралуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгү, добуштарды саноодо “адам факторунун” төмөндөтүлүшү жана саноонун кол менен жана автоматтык ыкмалар менен биротоло текшерилиши шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун камсыздайт.

КМШ байкоочуларынын пикири боюнча, добуш берүү жол-жобосу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өттү.

Тыянактар

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен байкоочулар Миссиясы ачык жана транспаренттүү шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан олуттуу күч-аракеттер жумшалгандыгын белгилейт жана төмөнкүдөй деп эсептейт:

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары президенттик  шайлоону жана референдумду жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен уюштурууга жана өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү;

Шайлоо органдары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун жүрүшүндө жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүү укукгун жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздады.