Бүгүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктайт

21 ноября 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 21-ноябрында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктайт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү добуш берүү күнүнө бир календарлык күн калганда м.а. 2012-жылдын 24-ноябрында кана өткөрүлөт.

Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алар убактылуу жүргөн жер ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болгон шартта өзү турган жер боюнча добуш берет.

Бул үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү же оозэки (мында башка адамдын көмөктөшүүсү менен да) билдирүү зарыл. 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы