Майыптыгы бар 18 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине катталды
10 января 2021
Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 285 шайлоо катталган.
Алардын добуш берүүгө кирүүсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн арттыруу, анын ичинде добуш берүү үчүн орун-жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана жардам берүүнүн атайын каражаттары менен жабдуу боюнча саясатты үзгүлтүксүз ишке ашырууда.
Атап айтканда, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо шайлоо участокторунун үчтөн бири гана пандустар менен жабдылса, пандустар менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 2020-жылы февралда 43%га, августта – 65,7%га, сентябрда – 79%га, декабрда – 83,4%га жетти.
Дагы 185 участокто пандустар менен жабдуунун зарылчылыгы жок. Учурда 215 шайлоо участогунда пандус жок, добуш берүү үчүн орун-жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иштер улантылууда.
Мындан тышкары, шайлоо участокторундагы добуш берүү үчүн столдор, кабиналар жана урналар, ошондой эле маалымат такталары коляска пайдаланган же өз алдынча ары-бери жүрүүдө кыйынчылыктарга (бийиктиги, туурасы, узатасы жана жайгашкан жери боюнча) кабылуучу шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгондой жайгаштырылууда.
Добуш берүү үчүн бир кабина туурасы 40 смдан кем эмес, узатасы 30 смдан кем эмес, полдун деңгээлинен 75 смдан ашык эмес бийиктикте жайгашкан бюллетенди толтуруу үчүн орун (стол, текче, подставка ж.б.) менен жабдылган. Бардык УШКларда чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар.



КР БШК маалымат бөлүмү
