Башкы Жаңылыктар Шайлоочулардын арыздарын кароо боюнча жумушчу тобу 21 кайрылууну …

Шайлоочулардын  арыздарын кароо боюнча жумушчу тобу 21 кайрылууну карады, 7 айып пул салды

09-Янв, 2021

Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ 2020-жылдын 24-октябрынан 2021-жылдын 5-январына чейинки мезгилде шайлоо процессинин катышуучуларынын 21 арызын жана даттануусун карады, анын ичинен 1 арызды арыз берүүчү кайра кайтарып алды.

Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы 9 чечим кабыл алды.

8 арыз боюнча маалыматтык-түшүндүрүү мүнөзүндөгү каттар жөнөтүлдү. 3 арыз – кароо стадиясында.

Түшкөн арыздардын мүнөзүн төмөнкү топторго бөлүүгө болот:

1) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу – 12;

2) талапкерлерди  каттоо маселелери боюнча – 2;

3) шайлоочуларды сатып алуу – 1;

4) ар түрдүү (маалыматтык мүнөздөгү каттар) – 4;

5) административдик ресурсту кыянат пайдалануу – 2.

https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/submit/ URL-дареги боюнча ар бир пайдалануучу электрондук кайрылуу жөнөтүп, берилген арызга онлайн режиминде байкоо жүргүзө аларын эске салат, электрондук кайрылуу жөнөтүү жол-жобосу мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлгөң, көп убакытты талап кылбайт.

КР БШКнын расмий сайтында “жана бузуулар реестри” иштөөдө, анда шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз, кайрылуулары онлайн режиминде жарыяланып турат.

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын арыздарды (даттанууларды), материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча чечимдерине ылайык ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

1) Өзгөн АШКнын 2020-жылдын 1-декабрындагы №29 чечимине ылайык КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин штабы менен макулдашуусуз даярдалган үгүт материалын тараткандыгы үчүн «Кароол айлынын элдик коому» коомдук фондунун жетекчиси Р. Вахаповго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренесин бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.

2) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №278 чечимине ылайык  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А. Ташовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.

3) БШКнын 2020-жылдын 4-декабрындагы №282 чечимине ылайык  шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузгандык үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.

4) Алай АШКнын 2021-жылдын 1-январындагы чечимине ылайык чыгарылыш жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүт материалын тараткандыгы үчүн М.Т. Исраиловго  карата Кодекстин “Тоголок үгүт материалдарын таратуу” деп аталган 47-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 12 500 сом өлчөмүндө VI категориядагы айып пул салынды.

5) БШКнын 2020-жылдын 28-декабрындагы №304 чечимине ылайык  жашы жете элек адамдын үгүт жүргүзүүгө катышуусуна жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун Баткен райондук штабынын жетекчиси Н.Х. Дарвешовго карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.

6) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №4 чечимине ылайык театрлаштыруу белгилери менен оюндарды өткөрүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүк үчүн КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун Каракол шаардык штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге карата Кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деп аталган 44-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 7 500 сом өлчөмүндө IV категориядагы айып пул салынды.

7) БШКнын 2021-жылдын 5-январындагы №3 чечимине ылайык шайлоо процессинин катышуучуларына тең катышууга мүмкүнчүлүк бербегендиги үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Б.Ж.  Алиевге карата Кодекстин “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу” деп аталган 42-беренеси боюнча бузуу жөнүндө иш каралды, 5 500 сом өлчөмүндө III категориядагы айып пул салынды.

Жумушчу тобу өз ишин улантууда.

КР БШК маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>