БШК У.Т.Кочкоров, А.К Сегизбаев. жана К.С. Асановдун КТРКга карата даттануусун канааттандырды
05 января 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 5-январындагы отурумунда У.Т.Кочкоров, А.К Сегизбаев. жана К.С. Асановдун Коомдук телерадио берүү корпорациясына карата YouTube видеохостингден видеоматериалдарды алып салганы боюнча даттануусун канааттандыруу чечимин кабыл алды.
КР БШКнын дарегине 2020-жылдын 31-декабрында КРнын Президенти кызматына койгон үч талапкерден төмөндөгүдөй арыз түшкөн:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У.Т.Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кочкоровдон “ 2020-жылдын 30-декбрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер КТРКнын эфиринде чыгып сүйлөштү. Аталган дебаттар түз берүүдө КТРКнын эфиринен жана социалдык тармактардагы Youtube жана Facebook расмий барактарынан көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда,2020-жылдын 28 жана 29-декабрында чыккан теледебаттар жогоруда аталган интернет булактарында турат, ал эми 2020-жылдын 30-декабрында көрсөтүлгөн теледебаттар жеткиликсиз. Шайлоо мыйзамдарын бузуу орун алды деп белгиленген” – деп көрсөтүлгөн.
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү жана талапкердин штабынан К.К.Күмүшбековдон “КТРК дебаттан кийин социалдык тармактардан Youtube видеохостингинен теледебаттардын эфирин жок кылып салганына катуу тынчсызданышаарын билдиришет. КТРКнын байкоочу кеңешинен теледебаттардын толук эфирин чыгарууну сурашат” – деп көрсөтүлгөн.
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.С.Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Нурбек кызынан “КТРК тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн теңсиздиги жана административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу болду” – деп көрсөтүлгөн.
2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Б.Л.Тольбаевдин, К.С. Асановдун, Р.Б.Жеенбековдун, Ж.С.Байгуттиевдин, У.Т.Кочкоровдун, А.К Сегизбаевдин ортосунда КТРК каналында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына жана КРнын БШКнын талаптарына ылайык теледебаттар өткөнү белгиленген.
Андан сырткары дебаттар КТРКнын Facebook социалдык тармагындагы расмий барагында жана YouTube видеохостингде төмөнкүдөй шилтемемелер
https://www.youtube.com/watch?v=LxEaAVc-NF4&ab_channel=КТРК жана https://www.facebook.com/КТРКkg/videos/805472893370981 менен жүктөлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө жогоруда көрсөтүлгөн шилтемелерде теледебаттын жазылмасы жеткиликсиз, ал 2020-жылдын 28 жана 29-декабрдагы теледебаттардын жазылмасы жеткиликтүү.
Ошого байланыштуу арыз ээлери КТРКнын жетекчилиги “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 22- беренесинин 18-бөлүгү бузулганына ылайык “Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү” – деп көрсөтүшүүдө.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү КТРКнын иш-аракеттеринде Конституциялык мыйзамдын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бузулушу, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыкка жатат деп эсептешет.
Келип түшкөн арызды объективдүү кароо максатында Жумушчу топтун отурумуна Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, КТРКнын башкы директорунун телекөрсөтүү боюнча орун басары – Ж.И.Уракунов жана укуктук маселелер боюнча аткаруучу директору – М.Т.Төлөнов чакырылышкан.
Даттанууда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жүйөлөрүн изилдеп чыгып, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, Жумушчу топ төмөнкүлөрдү белгилейт.
Конституциялык мыйзамдын 13-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери телевидениеден дебаттар аркылуу жүргүзүүгө болот. Эфирдик убакытты бирдей пайдалануу максатында БШКда чүчүкулак өткөрүлгөн. Шайлоо мыйзамдарына, чүчүкулак тартылган тартиптеги графикке ылайык КТРК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин баардыгына акысыз эфирдик убакыт тартууланды. Ошол эле учурда, шайлоо мыйзамдарында социалдык тармактарда теледебаттарды жарыялоо тартиби жөнгө салынбаган белгилеп кетүү керек.
Көрүүчү аудиторияны кеңейтүү максатында КТРК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкерлердин дебаттары коомдук тармактарда жарыяланат. Өз кезегинде, 2020-жылдын 30-декабрындагы теледебаттардын жазууларын алмаштыруу учурунда - YouTube каналынан көрсөтүлгөн жазууну алып салуу жана видеожазуунун (FullHD) жаңы, сапаттуу нускасын жүктөө –сактоо каражаты иштебей калганын КТРКнын өкүлдөрү билдиришти. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкерлердин 2020-жылдын 3-декбрындагы теледебаттарынын видеожазуулары КТРКнын YouTube каналында жок. КТРКнын башкы директорунун телекөрсөтүү боюнча орун басары Ж.И.Уракунова жабдуулар калыбына келтирилгенден кийин, файлдар 2021-жылдын 4-январына чейин кайрадан жүктөлө тургандыгын тастыктады.
КТРК тарабынан 2020-жылдын 30-декбарында өткөн теледебаттар 2021-жылдын 4-январында https://www.youtube.com/watch?v=edVbsHo_q7c&list=PLCNXr3hIZKSrU4-oYPy175n-D7bqdxRNu&index=3 шилтемесинде кайрадан калыбына келтирилди.
Ошондой эле, административдик ресурстардын колдонулушу жөнүндө маалыматты Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына укуктук баа берүүсү үчүн жиберилгенин Жумушчу топ белгилеген. Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы текшерип жатат.
- Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнө ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү болгондуктан, 2020-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн теледебаттардын видеожазуусу алынып салынгандыгына байланыштуу, Жумушчу топ талапкерлердин үгүт жүргүзүүсүнө бирдей мүмкүнчүлүк берилген эмес деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 22-беренесин, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7,18 беренелерине, 2020-жылдын 26-июнундагы №115 “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобосуна таянып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер У.Т.Кочкоров, А.К.Сегизбаев жана К.С. Асановдун Коомдук телерадиоберүү коропорациясына карата берген арызын канааттандыруу чечимин кабыл алды.
БШК 2020-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин видеодебатын КТРК 2021-жылдын 4-январында YouTube видеохостингге баштапкы көлөмдө калыбына келтиргенин эске алды. Ошондой эле, КРнын БШКсынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу, арыздарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөткөнү эске алынды.
Материалдар КРнын БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына КТРКнын башкы директорун мыйзам бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин кароо үчүн жиберилди.
КР БШК маалыматтык бөлүм.
