Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо маркирлөө колдонулат

15 ноября 2012

2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо көрүнүүчү атайын состав менен маркирлөө колдонулат.

Маркирлөө сол колдун бармагынын тырмагынын ичине кутикула зонасын каптоо менен жүргүзүлөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүү үчүн жайга кире бериште чүчүкулак менен белгиленген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркирлөөнүн жок экендигин текшерет. Маркирлөөсү жок шайлоочу добуш берүүгө өткөрүлөт. Эгерде маркирлөө бар болгону билинсе шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы