БШК, Башкы прокуратура жана ИИМ шайлоонун азыркы этабындагы мыйзам бузуулар боюнча көрүлгөн чараларды талкуулап, ЫЧКТнын шайлоо процессинин аяктоочу этабындагы милдеттерин талкуулады
31 декабря 2020
2020-жылдын 30-декабрында КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун БШКнын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү маселелери, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү боюнча жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышка ЫЧКТнын төмөнкү мүчөлөрү катышты: КР БШК мүчөсү Шайназаров Т.У., КР Башкы прокурорунун орун басары Молдокматов А.М., КР Ички иштер министринин орун басары Урмамбетов О.Ж., КР УКМКнын өкүлдөрү, ИИМ менен Башкы прокуратуранын бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери, ошондой эле укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жана аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери катышты.
Жыйналышта ЫЧКТнын алкагында КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө бузуулар боюнча арыздар, маалыматтык билдирүүлөр, шайлоо өнөктүгүнүн аяктоочу этабындагы иштердин план-графиги талкууланды.
Бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу жарандарга маалымдоо боюнча милдеттер коюлду. Карап чыгуунун конституциялык мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана тартибин сактоо маселеси айрыкча белгиленди.
ЫЧКТда жарандарга андан ары ар тараптуу маалымдоо үчүн аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, бузуу фактылары боюнча көрүлгөн чаралар, тиешелүү учурларда териштирүүнү токтотуунун конкреттүү негиздери тууралу толук маалымат берүүнүн зарылдыгы белгиленди.
ИИМ тараптан ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жокко чыгарылган, токтотулган иштер, ошондой эле учурдагы иш-чаралардын жүрүшү тууралу кеңири негиздеме берип туруу боюнча тиешелүү тапшырма берилди.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ЫЧКТга шайлоо процессин бузуулар тууралу 34 билдирүү түштү, алар текшерүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Анын ичинде: 9у – шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча; 9у – шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча; 2өө – шайлоо укуктарына тоскоолдук кылуу боюнча; 1өө – бейбаштык боюнча; 8и – администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу боюнча; 5и – башка бузуулар боюнча. Бир катар билдирүүлөр шайлоо субъектилеринин арыздары, дагы бир бөлүгү ЖМКлардагы, социалдык түйүндөрдөгү ж.б. билдирүүлөр боюнча ЫЧКТда каралды.
Өткөндөгү өнөктүктүн сабактарын эске алып, шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча иш жүргүзүү шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
БШКда өз ара аракеттешүү борбору – ЫЧКТ катчылыгы түзүлгөн. Ал түшкөн билдирүүлөрдү күн сайын топтойт, талдайт, мыйзамдарга ылайык ыкчам текшерүү жана чара көрүү үчүн маалыматтарды райондук жана шаардык ЫЧКТларга жөнөтөт. Катчылыктын ишинин план-графиги иштелип чыккан. Борбордук ЫЧКТ менен аймактык ЫЧКТлардын өз ара аракеттешүүсү күндө туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жетекчилери, УКМКнын өкүлү өз сөздөрүндө бузуу фактыларын текшерүү, ошондой эле КР БШКнын ЫЧКТсынын Реестринде катталган сотко чейинки териштирүүлөр боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чаралары тууралу ЫЧКТга маалымат беришти.
КР Башкы прокурорунун орун басары Молдокматов А.М. КР БШКнын ЫЧКТсына түшкөн бардык билдирүүлөр боюнча укук коргоо органдары көрүп жаткан чараларга прокуратура органдары тараптан жүргүзүлгөн көзөмөл тууралу малымат берди.
Жыйналыштын катышуучуларына мурда эсепке алуу журналына катталып, андан ары номенклатуралык иштерге жокко чыгарылган билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берилди.
Аталган маселелерди талкуулоодо укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, атап айтканда Өзгөн, Кара-Суу, Панфилов райондорунун жетекчилеринин сөздөрү онлайн–видеоконференция алкагында угулду.
КР ИИмдин Тергөө кызматынын начальниги, милиция полковниги С.Т. Айткурманов КР БШКнын ЫЧКТсына түшкөн 9 билдирүү боюнча материалдар шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча маалыматтар ырасталбагандыгына жана жазык (жорук) курамы болбогондугуна байланыштуу номенклатуралык иштерге жокко чыгарылгандыгын айтты. Ошондой эле ал шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 2020-жылдын 29- декабрында “Жалпы иш” коомдук фондунан түшкөн 12 билдирүү боюнча жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө кабарлады.
КР Ички иштер министринин орун басары Урмамбетов О.Ж. КР ИИМ органдары тарабынан көрсөтүлгөн окуялар боюнча териштирүүнүн материалдарын КР БШКнын ЫЧКТсына ыкчам берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алар тууралу маалымдоо Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу деңгээлин болтурбай коюуга жана төмөндөтүүгө оң таасир тийгизет.
Добуш берүү күнүнө чейин калган 10 күн ичинде укук коргоо органдарынын сотко чейинки териштирүүлөрүнүн натыйжалары боюнча КР БШКнын ЫЧКТсы тараптан контроль күчөтүлөт.
КР БШКнын ЫЧКТсынын төрагасы ЫЧКТ иши БШКнын сайтындагы ЫЧКТ реестрине маалымат берүү аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле прокуратура органдарынын, КР ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү дайыма өткөрүлүүчү брифингдерде үзгүлтүксүз чагылдырыларын белгиледи.
КР БШК маалымат бөлүмү