Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендерин басууну аяктады
14 ноября 2012
Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоону аяктады.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн катышуусу менен берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин берүүгө катышууга укуктуу.
Участкалык шайлоо комиссиясы берген бюллетендердин саны шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0, 1 пайыздан ашпаш керек.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
