КР БШК төрагасы КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону жана КР референдумун даярдоодо жана ѳткѳрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү жөнүндө айтып берди

23 декабря 2020

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.

Маалымат жыйынына референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоодо жана ѳткѳрүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону жана КР референдумун даярдоодо жана ѳткѳрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү жөнүндө айтып берди.

“Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары – КБМР) камтылган маалыматтардын  негизинде түзүлөт.

КБМРди түзүүнү, сактоону жана актуалдаштырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – МКК) жүзөгө ашырат.

2020-жылдын 10-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесинде 3 544 403 шайлоочу болгон.

Иш-чаралардын календарлык планына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмеси 2020-жылдын 18-декабрында “Тизме” (https://tizme.gov.kg/) порталына жайгаштырылды. Шайлоочулардын тизмесинде 3 556 864 шайлоочу бар. Шайлоочулардын өсүшү 12 461 адамды түздү.

Ар бир шайлоочу 2020-жылдын 19-ноябрынан 2020-жылдын 29-декабрына (кошуп алганда) чейин шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталынан, 119 номуруна чалып (чалуу акысыз), 119 номуруна жеке ПИН номуру менен смс жөнөтүп, өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, тактай алат, Сиз өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

2020-жылдын 23-декабрына карата маалыматтарды шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө 308 арыз түшкөн, анын ичинде 137си шайлоочулар бекитилген чек араларга ылайык өз УШКсында болгондугуна байланыштуу четке кагылды, 171и аткарылды; шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча 10 арыз түштү.

Кандай болбосун ката же болбосо так эместикти, шайлоочунун паспортунда көрсөтүлгөн жашаган жеринин дарегине дал келбестикти тапкан учурда, жашаган же келип жүргөн жери боюнча каттоо дарегине дал келбесе, шайлоочу 2020-жылдын 29-декабрына (кошуп алганда) чейин паспорттун көчүрмөсүн тиркеп, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан өтөт”, - деди ал.

МККнын маалыматы боюнча 2004-жылдын үлгүсүндөгү (AN)   паспорту бар 269 631 шайлоочунун “Дарек-маалымдоо бюросунун” АИТсында жана “Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринин”  АИТсында камтылган маалыматтарда дал келбестиги бар.

1. Жашаган же келип жүргөн жери боюнча даректеринин (АСБ)  каттоосун алмаштырган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү (eID)  паспорту бар шайлоочулар – 32 129 миң адам туруктуу жашаган жеринин дарегинин каттоосунун (АСБ)  негизинде шайлоо участкаларынын бекитилген чек араларына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

2. 2004-жылдын үлгүсүндөгү (AN)  паспорту бар шайлоочулар шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз (мурдагы 1-форма) берүү үчүн тиешелүү шайлоо участогуна кайрылуусу керек. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан өтөт.

БШК башчысы жашаган же келип жүргөн жерин каттоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн шайлоочулар тиешелүү шайлоо участогуна кайрылып (жашаган же келип жүргөн жеринин дареги УШКнын бекитилген чек араларына ылайык келүүсү керек), шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз (мурдагы 1-форма) берүүгө тийиш экенин белгиледи.

“Жалпы республикалык маанидеги шайлоону өткөргөндөн кийин “Дарек-маалымдоо бюросунун” АИТсында жана “Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринин” АИТсында камтылган маалыматтарда дал келбестиктери бар болсо, шайлоочулар паспортунда көрсөтүлгөн жашаган жеринин дарегине ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине кайтарыларын белгилөө зарыл.

Жалпы республикалык маанидеги шайлоодо жашаган жеринин жана турган жеринин каттоосунун дарегин алмаштырган, бирок ошол эле учурда  жашаган жеринин жана турган жеринин каттоосунун дарегине ылайык паспортун алмаштырбаган шайлоочулар тиешелүү шайлоо участогуна шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз берүүсү керек.

Бирок көп жарандар каттоо эсебин алмаштырганда 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картадагы чипке жазууну жаздырышпайт же 2004-жылдын үлгүсүндөгү өз паспортторун алмаштырбайт.

Маселен, 2020-жылдын мартынан тартып КРдин 30 168 жараны каттоо эсебине коюлган, анын ичинде 13 689 жарандын дарек боюнча өзгөртүүнүн электрондук идентификациялык картадагы чипке  жазууну жаздырышкан эмес.

КРдин 269 631 жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту боюнча каттоо эсебиндеги даректери паспортто жазылган даректерден айырмаланат.

Ушуга байланыштуу жарандарга чоң өтүнүч: шайлоо участогун актуалдаштыруу үчүн жаңыланган каттоо дарегин чипке өз убагында жаздырыңыздар же өзүңүздөрдүн 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторуңуздарды алмаштырыңыздар.

Ошону менен бирге КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери боюнча каттоосу өзгөрүлгөн учурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү”, - деди ал.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2014-2019-жылдары шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо МККга жүктөлгөн. Бул мезгилде МКК бирдиктүү идентификаторунун – жарандын ПИНинин (персоналдык (жеке) идентификациялык номеринин) базасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке интеграцияланган КБМР базалык модели иштелип чыгып, ишке киргизилген. Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө пайдаланылуучу төмөнкү автоматташтырылган маалыматтык тутумдар КБМРдин бөлүгү болуп саналат:

 - АИС «ЗАГС» - жарандык абалдын (туулгандыгы, никеге тургандыгы, никени бузгандыгы, ФАА өзгөрткөндүгү, өлгөндүгү) актыларын жазууну укуктук жактан тариздөөнү камтыйт;

- Берилген паспорттордун маалыматтар базасы – КР жаранынын өздүгүн күбөлөндүрүүчү, КР жарандыгына таандыгын ырастоочу документтерди камтыйт;

- ПИН маалыматтар базасы – жарандын КР аймагында негизги идентификациялык белгиси болуп саналат, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык тутумдарынын деңгээлинде жарандардын ар түрдүү категорияларын эсепке алуу жана идентификациялоо үчүн МКК тарабынан пайдаланылат;

- АИС «Адресный регистр» - Кыргыз Республикасынын аймагында турган  кыймылсыз объектилердин даректери тууралуу маалыматтарды топтоого, жүргүзүүгө, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө арналган;

- 16 жаштан жогору жарандардын биометрикалык маалыматтар базасы – КБМРдин негизин түзгөн бөлүгү, ал жарандар жөнүндө актуалдуу, сапаттуу жана толук маалыматтар базасын камтыйт, ошондой эле арыз бергенде, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо жүргүзүүдө пайдаланылат;

- АИС «Адресно-справочное бюро» - жашаган же келип жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебин жүргүзүүгө байланыштуу автоматташтырылган ишке арналган;

- АИС «Гражданство» - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан КР жарандарынын кыймылына байкоо жүргүзүү үчүн пайдаланылат.

КР БШК маалымат бөлүмү