Башкы Жаңылыктар БШК “КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” …

БШК “КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

19-Дек, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.

1) Жобонун преамбуласында “Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону” деген сөздөр “Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумдарын” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) бүт текст боюнча:

- тиешелүү жөндөмө түрлөрүндөгү жана сандагы “талапкерлердин, саясий партиялардын” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө “макул” топторунун, “каршы” топторунун” деген сөздөр менен толукталсын;

- тиешелүү жөндөмө түрлөрүндөгү жана сандагы “шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 1.2. пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1.2. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары – көзөмөлдөө-текшерүү тобу) шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, туура эсепке алынышын жана пайдаланылышын контролдоо үчүн, ошондой эле алардын  каржылык  отчетторун текшерүү үчүн түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 7 кишиден кем эмес санда түзүлөт.”;

4) 2-пункттун төртүнчү абзацында “ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “аталган фонддордун” деген сөздөр менен толукталсын;

5) 3-пунктта:

- бешинчи абзацында “шайлоо фонддорунун” деген сөздөр “тиешелүү фонддордун” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- онунчу абзацында “шайлоо өнөктүгүн” деген сөздөр “шайлоо жана референдум өнөктүктөрүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он төртүнчү абзацында “шайлоо өнөктүгүн” деген сөздөрдөн кийин “,  референдум өнөктүгүн” деген сөздөр менен толукталсын;

6) 4.1. пунктчада “шайлоолорду” деген сөздөн кийин “, референдумду” деген сөз менен толукталсын;

7) 5.1. пунктча:

- төртүнчү абзацында “шайлоо алдындагы үгүттөөнү” деген сөздөрдөн кийин “,  референдум маселелери боюнча үгүттөөнү” деген сөздөр менен толукталсын;

- төртүнчү абзацында “шайлоо өнөктүктөрүн” деген сөздөрдөн кийин “,  референдум өнөктүгүн” деген сөздөр менен толукталсын;

- бешинчи абзацында “шайлоолорду” деген сөздөн кийин “, референдумдарды” деген сөз менен толукталсын;

8) 5.1-1. пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5.1-1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн, референдум өнөктүгүн өткөрүү мезгилинде көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум жөнүндө, жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген форматта талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо, “макул” топторунун, “каршы” топторунун” фонддоруна каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды, талапкерлердин, көрсөтүлгөн фонддордун каржылык отчетторун Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялайт.”;

9) 6-пункттун бешинчи абзацында “ошондой эле талапкерлердин” деген сөздөрдөн кийин “, “макул” топторунун, “каршы” топторунун”” деген сөздөр менен толукталсын.

Токтом “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>