БШК “КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
19 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
1) Жобонун преамбуласында “Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону” деген сөздөр “Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумдарын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) бүт текст боюнча:
- тиешелүү жөндөмө түрлөрүндөгү жана сандагы “талапкерлердин, саясий партиялардын” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө “макул” топторунун, “каршы” топторунун” деген сөздөр менен толукталсын;
- тиешелүү жөндөмө түрлөрүндөгү жана сандагы “шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 1.2. пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1.2. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары – көзөмөлдөө-текшерүү тобу) шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, туура эсепке алынышын жана пайдаланылышын контролдоо үчүн, ошондой эле алардын каржылык отчетторун текшерүү үчүн түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 7 кишиден кем эмес санда түзүлөт.”;
4) 2-пункттун төртүнчү абзацында “ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “аталган фонддордун” деген сөздөр менен толукталсын;
5) 3-пунктта:
- бешинчи абзацында “шайлоо фонддорунун” деген сөздөр “тиешелүү фонддордун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- онунчу абзацында “шайлоо өнөктүгүн” деген сөздөр “шайлоо жана референдум өнөктүктөрүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он төртүнчү абзацында “шайлоо өнөктүгүн” деген сөздөрдөн кийин “, референдум өнөктүгүн” деген сөздөр менен толукталсын;
6) 4.1. пунктчада “шайлоолорду” деген сөздөн кийин “, референдумду” деген сөз менен толукталсын;
7) 5.1. пунктча:
- төртүнчү абзацында “шайлоо алдындагы үгүттөөнү” деген сөздөрдөн кийин “, референдум маселелери боюнча үгүттөөнү” деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацында “шайлоо өнөктүктөрүн” деген сөздөрдөн кийин “, референдум өнөктүгүн” деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзацында “шайлоолорду” деген сөздөн кийин “, референдумдарды” деген сөз менен толукталсын;
8) 5.1-1. пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5.1-1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн, референдум өнөктүгүн өткөрүү мезгилинде көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум жөнүндө, жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген форматта талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо, “макул” топторунун, “каршы” топторунун” фонддоруна каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды, талапкерлердин, көрсөтүлгөн фонддордун каржылык отчетторун Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялайт.”;
9) 6-пункттун бешинчи абзацында “ошондой эле талапкерлердин” деген сөздөрдөн кийин “, “макул” топторунун, “каршы” топторунун”” деген сөздөр менен толукталсын.
Токтом “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
