Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ
16 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2021-жылдын 10-январына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 21-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын толук деңгээлде жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-декабрындагы №469 токтомунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкерлерди түзүлгөн төмөнкү шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт:
№ 9016 – Россия Федерациясы, Москва ш., Житная көчөсү, 6/8 (№627 мектептин имараты);
№ 9017 – Россия Федерациясы, Москва ш., Житная көчөсү, 6/8 (№627 мектептин имараты);
№ 9018 – Россия Федерациясы, Тюмень ш., Ленин көчөсү, 78.
Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протокол жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү саясий бирикмелердин уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.
Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенмеси;
паспорттун көчүрмөсү;
иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, мобилдик телефону, электрондук почтасы).
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча поротоколдор 2020-жылдын 18-декабрында саат 18.00гө чейин Бишкек АШКда, анын ичинде электрондук түрүндө кабыл алынат.
Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426
Төмөнкү телефондор боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp)
Эл. почта: tikbishkek@gmail.com
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы