Башкы Жаңылыктар КР БШК Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн …

КР БШК Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү

10-Дек, 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин колдоосу менен, Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары - ички иштер органдарынын жана прокуратура кызматкерлери үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Каракол шаарында жана Чок-Тал айылында ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун ишмердигин өркүндөтүү максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарда шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды квалификациялоо маселелери, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде, агитациялык иштердин жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнүндө шайлоо участокторундагы коопсуздукту жана мыйзамдуулукту түздөн-түз камсыздоо маселелери талкууланды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренинг, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добушун сатып алууга, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга каршы багытталган. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө административдик ресурсту пайдалануу жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуу болсо кандай жоопкерчиликтер каралаарын айтып беришип, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартиби боюнча  башка кейстерди да көрсөтүштү. Тренинг эгер административдик ресурс кыянаттык менен колдонулса жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар болсо кандай жоопкерчиликтер каралаары боюнча практикалык тапшырмаларды талдоо менен коштолду. Ошондой эле тартипте шайлоо мыйзамдары бузулса да юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартиби боюнча кейстердин түрү талкууланды. Ысык-Көл облусунда өткөн семинар-тренинг республиканын бардык аймактарында анын ичинде Бишкекте да өткөн тренингдерди жыйынтыктоочу болуп калды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>