КР БШК Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү
10 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин колдоосу менен, Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары - ички иштер органдарынын жана прокуратура кызматкерлери үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Каракол шаарында жана Чок-Тал айылында ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун ишмердигин өркүндөтүү максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарда шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды квалификациялоо маселелери, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде, агитациялык иштердин жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнүндө шайлоо участокторундагы коопсуздукту жана мыйзамдуулукту түздөн-түз камсыздоо маселелери талкууланды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренинг, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добушун сатып алууга, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга каршы багытталган. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө административдик ресурсту пайдалануу жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуу болсо кандай жоопкерчиликтер каралаарын айтып беришип, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартиби боюнча башка кейстерди да көрсөтүштү. Тренинг эгер административдик ресурс кыянаттык менен колдонулса жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар болсо кандай жоопкерчиликтер каралаары боюнча практикалык тапшырмаларды талдоо менен коштолду. Ошондой эле тартипте шайлоо мыйзамдары бузулса да юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартиби боюнча кейстердин түрү талкууланды. Ысык-Көл облусунда өткөн семинар-тренинг республиканын бардык аймактарында анын ичинде Бишкекте да өткөн тренингдерди жыйынтыктоочу болуп калды.





КР БШК Маалыматтык бөлүмү
