Башкы Жаңылыктар БШКда Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата …

БШКда Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата Москва жана Тюмень шаарларында кошумча шайлоо участкаларын ачуу боюнча маселе талкуулады

07-Дек, 2020

БШКда БШКнын мүчѳлѳрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу  Миграция мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ММК) ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен  КР аймагынын сырткары жашап жаткан же жүргѳн КР жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп ѳттү.

ММКнын тѳрагасы Т.Каймазаров 2021-жылдын 10-декабрына дайындалган КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата чет ѳлкѳлѳрдѳ шайлоо участкаларынын географиясын кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ маалымдады. Россиянын аймагында Москва, Тюмень жана  Красноярск шаарларында ММКнын 3 ѳкүлчүлүктѳрү иштеп жатканын  белгиледи.

Красноярскиде элчиликтин канцеляриясынын базасында мурда түзүлгѳн шайлоо участкасынын бар экендигине байланыштуу, Жумушчу топтун мүчѳлѳрү Красноярск шаарында кошумча участканы ачуунун зарылчылыгы жок экендиги тууралуу пикирге келишти.

Жарандардын абалын, ошондой эле Кыргызстандын жарандары кѳп жашаган Тюмень шаарында эч качан шайлоо участкасы ачылбаганын  эске алуу менен, Жумушчу топтун мүчѳлѳрү ошол жерде ММКнын базасында участка ачууну максатка ылайыктуу деп табышты.

Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинде 3 шайлоо участкасы түзүлгѳн,  бирок Москва шаарында жана Москва облусунда жашаган жарандардын санынын кѳп экендигин эске алуу менен Москвада ММКнын ѳкүлчүлүгүнүн базасында кошумча участка ачуунун зарыл экендиги таанылды.

Маалымат иретинде: Россиянын аймагында 12 шайлоо участкалары: Москва (3 участка), Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Түштүк-Сахалинск шаарларында түзүлгѳн.

Россиядагы ММКнын ѳкүлчүлүктѳрүнүн базасында Москва  жана Тюмень шаарларында кошумча участкаларды түзүүгѳ,  ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын жагдайына байланышкан бардык жол-жоболук маселелер чечилген учурда, алдыда болуучу Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого карата  Россиядагы бардык шайлоо учсасткаларынын жалпы саны 14-15 участкага ѳсѳт.

ММК жана анын Россиядагы ѳкүлчүлүктѳрү, ошондой эле ТИМдин чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелери чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган  КР жарандарынын биометиркалык маалыматтарын жыйноо жана аларды консулдук эсепке коюу боюнча ишти активдештирүү максатында кыргызстандыктардын коомдук бирикмелер менен ѳз ара аракеттенүүсү боюнча күч-аракеттерин жумшайт.

Чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган жарандардын кѳптѳгѳн кайрылууларын эске алып, ошондой эле  2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо ѳткѳрүлѳ тургандыгын эске алуу менен, Жумушчу топтун мүчѳлѳрү келечекте шайлоо участкаларын түзүү үчүн негиз катары Хабаровск, Казань, Уфа, Оренбург, Анталья ж.б. шаарларында консулдук мекемелерди ачуу боюнча ТИМдин сунушун колдоду.

БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салат.

Биометрикалык маалыматтарын берген жана КР чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелеринде консулдук эсепте турган жарандар тийиштүү участкадагы шайлоочулдардын тизмесине автоматтык түрдѳ киргизилет.

Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган же жүргѳн ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан  тартып,  2020-жылдын 29-декбарын кошуп алгандан кеч эмес, тастыктаган документтерин тиркѳѳ жана биометиркалык идентификациядан ѳтүү менен КР чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекемелерине белгиленген үлгүдѳгү арыз менен  тѳмѳндѳгү учурларда кайрылууга укуктуу:

  • кандай гана болбосун каталарды же так эместиктерди тапса, ошондой эле шайлоочулардын алдын ала же контролдук тизмесинде жок болуп чыкса;
  • жашаган же жүргѳн жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүүгѳт ниеттенсе.

Арыз «Тизме» мамлекеттик порталында http://www.tizme.gov.kg «Шайлоочунун кабинети» сервизи аркылуу  электрондук форматта берилиши мүмкүн – мында шайлоочу белгиленген формадагы авторлоштуруудан ѳтѳт.

БШК чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган Кыргызстандын жарандарын «Тизме» мамлекеттик порталында http://www.tizme.gov.kg жашаган жери боюнча  шайлоочулардын тизмесине киргизилгендиги жѳнүндѳ маалыматты текшерүүгѳ  жана добуш берүүгѳ катышуу боюнча ѳз учурунда чараларды кабыл алууга чакырат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>