Башкы Жаңылыктар БШК айрым шайлоо участкаларынын даректерин ѳзгѳрттү

БШК айрым шайлоо участкаларынын даректерин  ѳзгѳрттү

06-Дек, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-декабрындагы ѳзүнүн жыйынында Бишкек шаарынын, Чүй облусундагы Москва, Панфилов райондорунун, Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун, Жалал-Абад облусундагы  Сузак, Ала-Бука райондорунун, Баткен облусундагы  Сүлүктү шаарынын, Баткен районунун аймактарындагы тѳмѳндѳгү шайлоо участокторунун даректерин  ѳзгѳртүү боюнча токтом кабыл алды:

Бишкек шаары

- №1301 шайлоо участогунун дареги Наманган көчөсүнүн №8 дарегиндеги  №14 ЦСМ имаратынан Дубосековская көчөсүнүн №39а дарегиндеги №32 орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

- №1231 шайлоо участогунун дареги Профсоюзная көчөсүнүн  №60 дарегиндеги «Баатыр Мурагер» ЖЧК имаратынан Ленина көчөсүнүн 35а дарегиндеги №17 кесиптик  лицейдин имаратына өзгөртүлсүн.

- №1211 шайлоо участогунун дареги Л.Толстого көчөсүнүн № 62 дарегиндеги Бишкек архитектурдук колледж имаратынан Горького көчөсүнүн  № 114 дарегиндеги №29 орто мектеп имартаны өзгөртүлсүн.

Чүй облусу

Москва району

Беловодск айыл аймагы

- № 7284 шайлоо участогунун дареги Беловодск айылынын Кирова көчөсүнүн  №32 дарегиндеги Пивзавода имаратынан, Беловодск айылынын Киров көчөсүнүн  №229 дарегиндеги №3 орто мектеп имаратына өзгортүлсүн.

Биринчи май айыл аймагы

- № 7305 шайлоо участогунун дареги Ак-Суу айылынын Шолохов көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги ЖАК  «Техсервис» имаратынан, Ак-Суу айылынын Вокзалная көчөсүнүн  №45 дарегиндеги №4 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн. 

Садовский айыл аймагы

- №7279 шайлоо участогунун дареги Садовое айылынын Советская көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги Колхозников сарай имаратынан, Садовое айылынын Вокзальная №45 көчөсүнүн  №4 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

Сретенка айыл аймагы

- №7282  шайлоо участогунун дареги Сретенка айылынын Центральная көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги клуб имаратынан, Сретенка айылынын Центральная көчөсүнүн  №200 дарегиндеги «Үмүт Шатысы» бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.

Целиный айыл аймагы

- №7299  шайлоо участогунун дареги Кызыл-Моло айылынын Центральная көчөсүнүн №3 дарегиндеги клуб имаратынан, Кызыл-Моло айылынын Школная көчөсүнүн №1 дарегиндеги  орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

Петровка айыл аймагы

- №7313 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Туу айылынын Центральная көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги клуб имаратынан, Кызыл-Туу айылынын Западная  көчөсүнүн  21 дарегиндеги башталгыч мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

Чапаев айыл аймагы

- №7296 шайлоо участогунун дареги Спартак айылынын Ленина көчөсүнүн  №84 дарегиндеги айыл өкмөт имаратынан, Спартак айылынын Ленина көчөсүнүн №94 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

- №7297  шайлоо участогунун дареги Маловодное айылынын Сатаева көчөсүнүн н/ж дарегиндеги башталгыч мектеп имаратынан, Маловодное айылынын Сатаева көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги клуб имаратына өзгөртүлсүн. 

Ак-Суу айыл аймагы

- №7308 шайлоо участогунун дареги Бала-Айылчы айылынын Мамырбай көчөсүнүн  н/ж дарегиндеги «Айыл Ордо» имаратынан, Бала-Айылчы айылынын  Мамырбай көчөсүнүн н/ж дарегиндеги Бала-Бакча имаратынан, Бала-Айылчы айылынын Мамырбай №626 көчөсүнүн  орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

Панфилов району

Курама айыл аймагы

- №7377  шайлоо участогунун дареги Панфилов айылынын Центральное көчөсүнүн №269  дарегиндеги ААК «Герои Панфиловцы» имаратынан, Панфилов айылынын Центральная көчөсүнүн  №351 дарегиндеги орто мектеп-комплек имаратына өзгөртүлсүн.

 Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

Кереге-Таш айыл аймагы

- № 3109 шайлоо участогунун дареги Новоконстантиновка айылынын Чоң-Жергез көчөсүнүн  дарегиндеги клуб имаратынан, Новоконстантиновка айылынын Жумаш-Агай көчөсүнүн  дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

- № 3247 шайлоо участогунун дареги Пионер айылынын Букош көчөсүнүн  дарегиндеги клуб имаратынан, Пионер айылынын Дунган көчөсүнүн дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

Челпек айыл аймагы

- № 3135 шайлоо участогунун дареги Челпек айылынын Мансурова көчөсүнүн дарегиндеги спорткомплекс имаратынан, Челпек айылынын Туркеев көчөсүнүн дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

- № 3136 шайлоо участогунун дареги Челпек айылынын Туркеев көчөсүнүн  дарегиндеги Искаков атындагы орто мектеп имаратынан, Челпек айылынын Исламова көчөсүнүн №21 дарегиндеги «Жамиля» бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.

Жети-Өгүз району

Жети-Огуз айыл аймагы

- №3175 шайлоо участогунун дареги Кабак айылынын Мундузбай көчөсүнүн №40а   дарегиндеги АВП «Кашка-Суу» имаратынан, Кабак айылынын Мундузбай көчөсүнүн  №37 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

- №3253 шайлоо участогунун дареги Жети-Огуз айылынын Байсеркеева көчөсүнүн  №77 дарегиндеги спорт комплекс имаратынан, Жети_огуз айылынын Байсеркеева №73 көчөсүнүн  бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.

Жалал-Абад облусу

Сузак району

С. Атабеков айыл аймагы

- №2124 шайлоо участогунун дареги Бек-Абад айылынын Ураимжан-Ата көчөсүнүн  №3-А дарегиндеги “Ынтымак” бала-бакча имаратынан, Бек-Абад айылынын М.Садыкова көчөсүнүн №100 дарегиндеги  ЦСМ №20 имаратына өзгөртүлсүн.

- № 2391 шайлоо участогунун дареги Бек-Абад айылынын М.Садыков көчөсүнүн  №103 дарегиндеги айыл өкмөт имаратынан, Бек-Абад айылынын М.Садыкова көчөсүнүн  №88 дарегиндеги С.Атабеков атындагы орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

Сузак айыл аймагы

- № 2424 шайлоо участогунун дареги Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүнүн  №75  дарегиндеги С.Акбарова атындагы орто мектеп имаратынан, Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүнүн  №101 дарегиндеги сантирадык-эпидемиалык станция имаратына өзгөртүлсүн. 

Курманбек айыл аймагы

- № 2381 шайлоо участогунун дареги Кара-Чолок айылынын Б.Калбаев  көчөсүнүн №1 дарегиндеги маданият үй имаратынан, Карак-Чолок айылынын К.Чекиев көчөсүнүн №2 дарегиндеги орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

Кызыл-Туу айыл аймагы

- №2020 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Сеңир айылынын Т.Масадыков көчөсүнүн №36 дарегиндеги маданият үй имаратынан, Кызыл-Сенир айылынын Т.Масадыков көчөсүнүн №54 дарегиндеги Икрам-Ажы атындагы балдар-өспүрүм дене тарбия клуб имаратына өзгөртүлсүн.

Ала-Бука району

Өрүктү айыл аймагы

- №2282 шайлоо участогунун дареги Өрүктү-Сай айылынын М.Осмонбеков көчөсүнүн №21 дарегиндеги айыл клуб имаратынан, Өрүктү-Сай айылынын Коргон-Төбө көчөсүнүн  №37 дарегиндеги Ж.Бешимов атындагы №18 орто мектп имаратына өзгөртүлсүн.

Баткен облусу

Баткен району

Самаркенд айыл аймагы

- №8058 шайлоо участогунун дареги Самаркен айылынын Базар-Башы  көчөсүнүн  №1 дарегиндеги С.Кожобаев атындагы орто мектеп имаратынан, Самаркен айылынын МТФ  көчөсүнүн №5 дарегиндеги  Ортосай башталгыч мектеп имаратына өзгөртүлсүн. 

Сүлүктү  шаары

- №8052 шайлоо участогунун дареги Сүлүктү шаарынын Товарная көчөсүнүн  №232/3 дарегиндеги ИТФ СГЭИ имаратынан, Сүлүктү шаарынын Советская  көчөсүнүн №5 дарегиндеги «Ынтымак» бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.

Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык айрым  шайлоо участокторунун даректерин ѳзгѳртүү тууралуу  Бишкек, Москва, Панфилов,  Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сүлүктү, Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алында.

Бишкек, Москва, Панфилов,  Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сүлүктү, Баткен аймактык шайлоо комиссияларына жергилиткүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоо участокторунун даректеринин ѳзгѳрүлгѳндүгү боюнча шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

КР  БШК маалымат бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>