КР Президентинин кызмат ордуна 11 талапкер КР БШКга документтерин чакыртып алуу тууралуу арыз менен кайрылышты
03 декабря 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 3-декабрында, 11 КР жараны Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого катышуу үчүн берген документтерин чакыртып алуу тууралуу арыз менен кайрылышты:
1. Б. Темишов;
2. А. Тукунов;
3. А. Малиев;
4. Т. Бакир уулу;
5. Ж. Камчиев;
6. А. Маматов;
7. А. Эсенбеков;
8. Б. Жумагулов;
9. А. Сыдыков;
10. С. Энназаров;
11 К. Исабеков.
Мурда КР Президентинин кызмат ордуна тѳмѳндѳгү 8 талапкердин арыздары чакыртылып алынган.
1. Б. Бакетаев;
2. Ж. Тургуналиев;
3. К. Исмаилова;
4. М. Кайыпов;
5. О. Мадинов;
6. Т. Жумабеков;
7. С. Турдумалиев;
8. С. Шер-Нияз;
19-ноябрда БШКнын мүчѳлѳрү ѳзүнүн жыйынында КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун маалыматын угуп жана толкуулап, тѳмѳндѳгү талапкерлердин документтерин кайтаруу жѳнүндѳ жумушчу топтун чечимин жакырган:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 3, 4–бѳлүктѳрүндѳ каралган негиздер боюнча (соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган, соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбагандар):
- Б. Асанов;
- Н. Мотуев;
- К. Кадыров.
2) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5–бѳлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча (белгиленген мѳѳнѳттѳ мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты бербегендер):
- А. Зарипова;
- А. Араева;
- Т. Акжолтоев;
- Ю. Лилиенталь;
- Ч. Капаров;
- Ж. Искендеров;
- Е. Клипачева;
- С. Аджиматов;
- К. Базаркулов.
КР Президентин шайлоо жѳнүндѳ конституциялык Мыйзамга ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди кѳрсѳтүү 2020-жылдын 14-ноябрын кошуп алганга чейин ѳткѳрүлгѳн.
КР БШК маалымат бѳлүмү