КР БШКга КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбектин кол коюу барактары түштү
03 декабря 2020
2020-жылдын 3-декабрында, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Арстанбек Мыктыбектин кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 33 083.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.
КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.
КР БШК КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планына ылайык КР Президентине талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59да аяктаарын эске салат.
БШК маалымат бөлүмү