А. Бектуров Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

01 декабря 2020

 2020-жылдын 1-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында, 2020-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө токтом кылды. Бул шайлоону өткөрүү 2020-жылдын 6-ноябрында КР БШКсы кабыл алган №297-токтому менен дайындалган. Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болууга райондук мамлекеттик администрациядан көрсөтүлгөн бир талапкер Алтынбек Бектуров катталган. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Добуш берүүгө Эмгекчил айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышкан. Алтынбек Бектуров айылдык депутаттардын бардык добушуна ээ болгон. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 25-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгынын протоколу боюнча, Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алтынбек Жунусович Бектуров шайланган. Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого даттануулар жана арыздар түшкөн эмес. Чечим 2020-жылдын 25-ноябрындагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү