КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
01 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 1-декбарындагы ѳзүнүн жыйынында жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Бакай-Ата жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Нарын шаардык кеңешинин депутаты Абдыкеримов Бакытбек Намазбековичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандаты Болотбеков Эльзар Болотбековичке берилди – убактылуу иштебейт.
Шадыкан айылдык кеңешинин депутаты Бакбазаров Русланбек Алымжановичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандаты Кулубаев Нурболот Бактыбаевичке берилди – дыйкан чарбасын мүчѳсү.
Омуралиев айылдык кеңешинин депутаты Токторов Алмаз Токторовичтин ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандаты Тууганбаев Болотбек Орозовбековичке берилди – “Кыргызтелекомдо” электр монтеру.
КР БШК 2020-жылдын 1-декбарындагы ѳзүнүн жыйынында катталган тапакерлердин тизмесинен тѳмѳндѳгүлѳрдү чыгаруу тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти:
Талапкерлер Калидулдаев Саматбек Токтомушевичтин, Тиленбаев Жолдошбек Дюшенбаевичтин, Абдылдаев Таштанбек Абдиевичтин Нарын шаардык кеңешинин талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу тууралуу келип түшкѳн ѳздѳрүнүн арыздарынын негизинде.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бѳлүмү
