2020-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат

30 ноября 2020

Мэрлик кызматка 3 талапкер Б. Раманкулов СДПК партиясынан, Т. Суюмбаев "Элеман" саясый партиясынан жана Д. Шакирбаев "Мекеним Кыргызстан" саясый партиясынан көрсөтүлгөн.

Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Б. Раманкулов 0 добуш, Т. Суюмбаев 13 добуш, Д. Шакирбаев 18 добушка ээ болгон. 
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кара-Балта шаарынын мэри болуп Д. Шакирбаев шайланды.
БШК Маалыматтык бөлүмү