Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жана добуш берүүнүн корутундусу боюнча маалымат

30 ноября 2020

2020-жылдын 30-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районунда Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат.

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болууга жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн бир талапкер М. Исраилов катталган.

Добуш берүүгө Кочкор айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы катышты. М. Исраилов 15 добуш алды, "бардыгына каршы" позициясы боюнча 5 депутат добуш берди.
БШК Маалыматтык бөлүмү