Башкы Жаңылыктар БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү …

БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Жалал-Абад шаарында штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү

27-Ноя, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Жалал-Абад шаарында штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана КР вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы М. Мамытканов бийликтин жергиликтүү органдары менен Жалал-Абад облусунун шайлоо участокторунун даярдык процессин талкуулашты.

Азыркы учурда региондо 12 аймактык шайлоо комиссиясы жана 448 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт, аларга комиссиялардын 5737 мүчөсү тартылган. Жалал-Абад облусундагы шайлоочулардын жалпы саны 2020-жылдын 23-ноябрына карата 667 732 адамды түздү.

Облустук жана шаардык штабдардын көчмө жыйналышында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо  шайлоочулардын алдын ала тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөнүн жана 2020-жылдын 10-ноябрынан тартып “Тизме” порталына -  https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылганын эскертти.

“Алдын ала маалыматтар боюнча ири шаарларда жашаган, бирок айылда катталган шайлоочулардын саны 200 миң адамга жетиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселени чечүүгө муктаждыгы бар жарандардын иш жүзүндөгү санын талдоону облустун жетекчилигинен өтүнөбүз. Алдыдагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо  ошондой эле жарандардын өзгөчө категориясына байланыштуу маселелерге көңүл буруп, тиешелүү иш жүргүзүүнү суранабыз. “, - деди КР БШК төрагасы.

2-форма боюнча арыздарды кабыл алуу жоюлгандыгына байланыштуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча БШК КР Өкмөтү менен биргеликте иштеп жатканы белгиленди. Себеби катталган жери боюнча добуш бере албай турган КР жарандарынын айрым категорияларынын (ички жана тышкы мигранттар, студенттер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, катталбаган объектилерде жашаган жарандар, туруктуу жашаган жери жок жарандар) шайлоого катышуу маселелерин чечүү милдети турат.

Мындан тышкары, 17-ноябрдан тартып бүт республика боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу тренингдер өткөрүлүп, аларда өз ара аракеттешүү формалары, тигил же бул бузууларга карата чара көрүү ыкмалары талкууланууда, добуш сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга, башка бузууларга каршы аракеттердин алгоритмдери иштелип чыгууда.

Республикалык штабдын көчмө жыйналышында УШКларды ылдамдыгы жогору  интернет, байланыш жана үзгүлтүксүз электр жабдуу менен камсыздоого тийиштүү маселелер көтөрүлдү.

Бийликтин жергиликтүү органдарына кыш мезгилинде ОРВИ сезондук күчөшүнө байланыштуу региондогу эпидемиологиялык кырдаалды контролго алуу жана санитардык ченемдерди жана талаптарды камсыздоого айрыкча көңүл буруу тапшырылды.  

Пандемия шартында ар бир шайлоо участогу жекече коргоо каражаттары – беткап, дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) жана жугузбоочу салфеткалар менен жабдылмакчы.

 Ошондой эле мамлекеттин милдети болуп саналган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча мындан аркы ишке көңүл буруу зарыл.

КР БШК төрагасы Жалал-Абад облусунун АШК жана УШК өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда өткөн парламенттик шайлоодо аткарган иштери үчүн комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин талкуулады.

БШК маалымат бөлүмү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>