БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Жалал-Абад шаарында штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү
27 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Жалал-Абад шаарында штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү.
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана КР вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы М. Мамытканов бийликтин жергиликтүү органдары менен Жалал-Абад облусунун шайлоо участокторунун даярдык процессин талкуулашты.
Азыркы учурда региондо 12 аймактык шайлоо комиссиясы жана 448 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт, аларга комиссиялардын 5737 мүчөсү тартылган. Жалал-Абад облусундагы шайлоочулардын жалпы саны 2020-жылдын 23-ноябрына карата 667 732 адамды түздү.
Облустук жана шаардык штабдардын көчмө жыйналышында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөнүн жана 2020-жылдын 10-ноябрынан тартып “Тизме” порталына - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылганын эскертти.
“Алдын ала маалыматтар боюнча ири шаарларда жашаган, бирок айылда катталган шайлоочулардын саны 200 миң адамга жетиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселени чечүүгө муктаждыгы бар жарандардын иш жүзүндөгү санын талдоону облустун жетекчилигинен өтүнөбүз. Алдыдагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ошондой эле жарандардын өзгөчө категориясына байланыштуу маселелерге көңүл буруп, тиешелүү иш жүргүзүүнү суранабыз. “, - деди КР БШК төрагасы.
2-форма боюнча арыздарды кабыл алуу жоюлгандыгына байланыштуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча БШК КР Өкмөтү менен биргеликте иштеп жатканы белгиленди. Себеби катталган жери боюнча добуш бере албай турган КР жарандарынын айрым категорияларынын (ички жана тышкы мигранттар, студенттер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, катталбаган объектилерде жашаган жарандар, туруктуу жашаган жери жок жарандар) шайлоого катышуу маселелерин чечүү милдети турат.
Мындан тышкары, 17-ноябрдан тартып бүт республика боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу тренингдер өткөрүлүп, аларда өз ара аракеттешүү формалары, тигил же бул бузууларга карата чара көрүү ыкмалары талкууланууда, добуш сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга, башка бузууларга каршы аракеттердин алгоритмдери иштелип чыгууда.
Республикалык штабдын көчмө жыйналышында УШКларды ылдамдыгы жогору интернет, байланыш жана үзгүлтүксүз электр жабдуу менен камсыздоого тийиштүү маселелер көтөрүлдү.
Бийликтин жергиликтүү органдарына кыш мезгилинде ОРВИ сезондук күчөшүнө байланыштуу региондогу эпидемиологиялык кырдаалды контролго алуу жана санитардык ченемдерди жана талаптарды камсыздоого айрыкча көңүл буруу тапшырылды.
Пандемия шартында ар бир шайлоо участогу жекече коргоо каражаттары – беткап, дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) жана жугузбоочу салфеткалар менен жабдылмакчы.
Ошондой эле мамлекеттин милдети болуп саналган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча мындан аркы ишке көңүл буруу зарыл.
КР БШК төрагасы Жалал-Абад облусунун АШК жана УШК өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда өткөн парламенттик шайлоодо аткарган иштери үчүн комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин талкуулады.
БШК маалымат бөлүмү
