КР БШКсы Ош шаарынын укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү

27 ноября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте жана Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин колдоосу менен, Ош шаарынын укук коргоо органдарынын, ички иштер органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу семинар өткөрдү.

Укук коргоо органдары үчүн тренинг 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга жана административдик ресурстарды колдонууга каршы багытталган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жана шайлоочуларды сатып алуудагы жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун ар кандай түрлөрү боюнча кейстерди жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун жоболору тууралуу айтып беришти.

Тренингде шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларды квалификациялоонун маселелери, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө, агитациялык иштерде мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнүндө түздөн-түз шайлоо участокторунда коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу маселелери да талкууланды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү