2020-жылдын 20-ноябрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
24 ноября 2020
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 20-ноябрга карата 47 талапкердин ичинен 39зу БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – «РСК Банк» ААКда жана «Айыл Банк» ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.
Төмөндө банк маалыматтарынын негизинде 19 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди. Башка талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.
№ п/п |
Талапкердин ФАА |
Келип түштү |
Чыгымдалды |
1 |
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич |
10 500 |
10 110 |
2 |
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич |
1 000 000 |
550 305 |
3 |
Исаев Канатбек Кедейканович |
354 000 |
7 350 |
4 |
Тагаев Рашид Бакирович |
100 000 |
5 860 |
5 |
Байгуттиев Женишбек Сейтбекович |
199 000 |
56 396 |
6 |
Сооронкулова Клара Сыргакбековна |
60 000 |
6 150 |
7 |
Касенов Аймен Абдыталипович |
1 205 000 |
1 054 200 |
8 |
Шер-Нияз Садык |
50 000 |
9 620 |
9 |
Кабылбеков Урустам Кубанычбекович |
25 000 |
25 000 |
10 |
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич |
400 000 |
36 515 |
11 |
Уметалиева Токтайым Джумаковна |
1 900 |
0 |
12 |
Малиев Арсланбек Касымакунович |
125 000 |
119 717 |
13 |
Болгомбаев Медер Кадыркулович |
30 000 |
29 500 |
14 |
Энназаров Санжарбек Арзыкулович |
5 000 |
0 |
15 |
Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич |
5 000 |
0 |
16 |
Абакиров Эльдар Курманбекович |
10 000 |
9 750 |
17 |
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич |
100 000 |
49 900 |
18 |
Тольбаев Бабыржан Латиханович |
1 200 000 |
0 |
19 |
Сегизбаев Абдил Кенешевич |
200 000 |
12 150 |
Бардыгы: |
5 080 400 |
1 982 523 |
Толугураак маалымат шилтеме аркылуу
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу