Башкы Жаңылыктар КР БШК 10 шайлоо участкасынын дарегин ѳзгѳрттү

КР БШК 10 шайлоо участкасынын дарегин ѳзгѳрттү

24-Ноя, 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад  облусунун Аксы райондагы, Баткен облусунун Лейлек районундагы Нарын облусунун Жумгал районунундагы, Чүй облусунун Аламүдүн жана Чүй райондорундагы шайлоо участкаларынын тѳмѳндѳгү даректерин ѳзгѳртүү тууралуу токтом кабыл алды:

 

1.Жалал-Абад  облусунун Аксы райондагы № 2323 Кызыл-Туу шайлоо участкасынын  дарегин: Кызыл-Туу айылындагы маданият үйүнүн имаратынан  Кызыл-Туу айылындагы Айталиев кѳчѳсүндѳгү С. Айталиев атындагы ОМ имаратына;

 

 2. Жалал-Абад  облусунун Аксы райондагы № 2326 Кызыл-Туу шайлоо участкасынын  дарегин: Аркыт айылындагы маданият үйүнүн имаратынан  Аркыт айылындагы Келте--Сай кѳчѳсү, 50 орто мектептин  имаратына;

 

3. Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8025 шайлоо участкасынын дарегин:  И Раззаков кѳчѳсү, 32 Ак-Суу  маданият үйүнүн имаратынан  И. Рззаков кѳчѳсү, 34 Ак-Сай орто мектебинин имаратына;

 

4. Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8040 шайлоо участкасынын дарегин:  К. Туратов  кѳчѳсү, 32 маданият үйүнүн имаратынан  К. Туратов  кѳчѳсү 38 «Жаңы Турмуш»  орто мектебинин имаратына;

 

5. Нарын облусунун Жумгал районунундагы № 4115 шайлоо участкасынын дарегин:  Э. Матыев кѳчѳсү, 2 боюнча Аксеки акционердик коомунун имаратынан Д. Исмаилов кѳчѳсү,3 боюнча Эрнис Миңбаев атындагы балдар бакчасынын   имаратына;

 

6. Нарын облусунун Жумгал районунундагы № 4101 шайлоо участкасынын дарегин:  Б. Асанов  кѳчѳсү, 22 боюнча М.Өмүрканова атындагы орто мектептин  имаратынан Б. Асанов  кѳчѳсү,11 боюнча Жумгал айылындагы  маданият үйүнүн   имаратына;

 

7. Нарын облусунун Жумгал районунундагы № 4108 шайлоо участкасынын дарегин:  Т. Женалиев   кѳчѳсү, 24 боюнча маданият үйүнүн   имаратынан К. Абакиров   кѳчѳсү,1 боюнча С. Медетов атындагы орто мектептин    имаратына;

 

8. Чүй облусунун Аламүдүн районунундагы № 7411 шайлоо участкасынын дарегин:  44,0 га  кѳчѳсү боюнча    контур №759 имаратынан XXII Партсъезд номери жок кѳчѳ боюнча Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн  имаратына;

 

9. Чүй облусунун Аламүдүн районунундагы № 7176 шайлоо участкасынын дарегин:  Кыргыз кѳчѳсү, 198  боюнча    Таймаш компьютердик клубунун  имаратынан Кыргыз  кѳчѳсү 190/б  боюнча Интел дүкѳнүнүн   имаратына;

 

10. Чүй облусунун Чүй районунундагы № 7048 Кегети айыл аймагынын  шайлоо участкасынын дарегин:  Кегети айыл ѳкмѳтүнүн   имаратынан М. Айтбаев  кѳчѳсү, 3 дареги   У. Жумабаев орто мектебинин    имаратына;

 

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык шайлоо участкаларында жылуулук берүүнүн жоктугуна байланыштуу айрым шайлоо участкаларынын даректерин ѳзгѳртүү тууралуу

Жалал-Абад  облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын,  Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын,  Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын,   Чүй облусунун Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.   

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>