Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

21 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы №280 токтому менен дайындалып, 2020-жылы 17-ноябрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган 3 талапкер – Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич, Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович, Сайитбеков Нурлан Авийевич катталган.

Добуш берүүгө Барпы айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын баары катышып, Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич 19, Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович – 1, Сайитбеков Нурлан Авийевич 11 добуш алган.

Шайлоонун натыйжасы жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы протоколу менен Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Чечим Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү