КР БШК чет өлкөлөрдөгү 45 шайлоо участогун бекитти

20 ноября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 20-ноябрындагы жыйынында, 2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде  45 (кырк беш) шайлоо участокторун бекитүү токтомун кабыл алды.

Чечим Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын 2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 2-13-беренелерине, КР Боршайкомунун 2020-жылдын 24-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү” №263-токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен, КР Боршайкомунун 2020-жылдын 26-июнундагы №120-токтому менен бекитилип, чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндөгү Жобого ылайык кабыл алынды.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана добуш бере турган шайлоо участоктору түзүлгөн чет  мамлекеттердеги татаал эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен да кабылданды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, 2020-жылдын 4-октябрында КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо түптөлгөн Кыргызстандын чегинен тышкаркы участкалык шайлоо комиссияларын бекитүү тапшырылды.  

КР БШК Маалыматтык бөлүмү