КР БШК Арстанбек Мыктыбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
20 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбектин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
1. Шамшидин уулу Абдулхамидди шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары,
2. Ыманкулов Нышанбай Талантбековичти каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары.
Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Арстанбек Мыктыбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 19-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
