КР БШК Б.М. Керимбековдун ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады
19 ноября 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Керимбеков Бакыт Макеновичтин тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М. Керимбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Окенаев Абакир Максутбековичти
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М. Керимбековдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Журенков Василий Анатольевичти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн Б.М. Керимбековдун 2020-жылдын 19-ноябрындагы арызынын негизинде кабыл алынган.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
