КР БШК КР Президентине көрсөтүлгөн талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү бар баннерге байланыштуу маалымдайт
19 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 19-ноябрда Facebook социалдык түйүнүндө видео жайгаштырылган, анда Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылында Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлгөн талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү бар баннер илинген.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын маалыматы боюнча “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 6-пунктунун талаптарына ылайык, баннер жарнак щитинен алып салынган. Бул факт боюнча акт түзүлгөн.
Бул бузууга жол берген 1957-жылы туулган КР жараны В.Р. экендиги укук коргоо органдары тарабынан белгиленген.
Өзгөн АШК эртең – 20-ноябрда өз жыйналышында ал жарандын жоопкерчилигин Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык карайт.
Үгүт мезгили 2020-жылдын 15-декабрынан тартып башталаарын жана азыркы учурда ар кандай үгүткө тыюу салынаарын белгилей кетебиз.
Бузуулар жөнүндө кодекси жана КР конституциялык Мыйзамы менен үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабагандык үчүн жоопкерчилик каралган.
БШК маалымат бөлүмү
