БШК А.Э. Эсенбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

18 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:

1. Укубаев Улан Токтоналиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Э. Эсенбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;

2. Турдакунова Венера Жолдошовна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Э. Эсенбековдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.

Чечим А.Э. Эсенбековдун 2020-жылдын 17-ноябрында арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү